Бакуда Казакстан Президенти Н. Назарбаев тууралуу китептин бет ачары өттү

Бакуда Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу китептин бет ачары өттү. Азербайжан тилинде жарык көргөн жаңы чыгарма Гейдар Алиев борбору менен Казакстан Президенти китепканасынын бирдиктүү долбоору. Алгы сөздүн автору Али Гасанов Нурсултан Назарбаев демилгечи болуп ишке ашырылган реформалар бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге үлгү болуп жаткандыгын белгиледи.

АЛИ ГАСАНОВ, АЗЕРБАЙЖАН ПРЕЗИДЕНТИНИН КООМДУК-САЯСЙИ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Улуттук лидерлер тууралуу китептерди тааныштыруу аркылуу биз калкыбызды жакындаштырууну көздөдүк. Казакстан менен Азербайжан башчылары стратегиялык байланышты бекемдөөгө өзгөчө маани берет.

Азербайжан окурмандары китептен Президент Назарбаевдин кызматы менен гана таанышпастан, эгемендүү Казакстандын тарыхы, экономикалык өнүгүүсү жана казак элинин маданияты туурасында окуп, биле алышат.

МАХМУД КАСЫМБЕКОВ, КИТЕП АВТОРУ:

- Бул биздин биринчи долбоор эмес. Эсиңиздерде болсо, мындан бир ай мурун Астанада Гейдар Алиев туурасында китептин тушоо кесүүсү болгон эле. Ал эмгек казак коомунда өзгөчө кызыгуу жаратты. Менимче мындай биргелешкен долбоорлор биздин достук карым-катнашыбызды бекемдейт.

Иш-чарага Азербайжан өлкөсүнүн  коомдук ишмерлери, окумуштуулар, парламент депутаттары катышты. Ошондой эле коноктордун назарына Казакстан президентинин өмүр жолун чагылдырган «Убакыттын тандоосу» аттуу даректүү  тасма сунушталды.