Астанада «Улуу талаа» ІІІ гуманитардык илимдер форуму өттү

Түбү бир түрк дүйнөсүнүн санжыралуу руханиятын жаңыртуу. Боордош калктардын казыналуу мурастарын дүйнөнүн төрт тарабына жайылтуу. Ушундай демилге «Улуу талаа» ІІІ гуманитардык илимдер форумунда  көтөрүлдү. Жыйынга катышкан КР Мамлекттик катчысы Гүлшара Абдикалыкова Улуу Талаа кеңештигинин тарыхы менен окуусу бирге изилденип, окулушу керектигин белгилеп өттү.

ГҮЛШАРА АБДИКАЛЫКОВА, КР МАМЛЕКТТИК КАТЧЫСЫ:

- Ушул тапта баарыбыздын башкы милдетибиз дүйнөдө түрк өлкөлөрүнүн атаандаштык жөндөмүн болушунча арттыруу. Ал үчүн ителлектуалдык улут калыптандыруу керек. Бул кырдаалда азыркы технологиялык чөйрө, коммуникация, ошондой эле XI кылымдагы илим-билим талаптарына ылайык болуп, заман көчүнө илешип, акырындык менен өнүгүү үчүн Мамлекет башчысынын түз нускамасы менен Казакстандын латын арибине өтүү демилгесин баштоо өтө маанилүү кадам болот.                                  

Астанада жолуккан 250гө жакын эл аралык окумуштуулар менен серепчилер түрк дүйнөсүндөгү илимди өнүктүрүү маселелерин кеңири талкуулашты. Бүгүнкү күндө серепчилер жалпы тарыхтын жаңы барактарын ачып жатышат. Ошондой эле бул тармакта кызматташтыкты дагы да күчөттүү керек деген пикирде. Азыркы тапта бирдиктүү долбоорлор өз жемишин берип жатат.

ЧУЛУУН ШАМПИЛДОНДОВ, МОНГОЛИЯ ТАРЫХЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Акыркы 4 жылда биздин археологдор Түрк академиясы менен биригип, байыркы түрк каганатынын комплекстерин казышты. Ал Борбордук Монголияда жайгашкан. Казуу иштеринин натыйжасында 7-8-кылымдарда колдонулган таштар, жер төлөлөр жана курмандык чалуу материалдары табылды. Эми Казакстанда моңгол таануу борборлорун ачууну көздөп жатабыз. Анын алкагында казак, орус жана моңгол тилдеринде Монголияда жүргүзүлгөн экспедициялар тууралуу китептер менен жыйнактарды чыгарабыз.

Форумдун алкагында 6 секция түзүлүп, түрк дүйнөсүндө адабият, шаар маданияты жана башка тармактарда кызматташуунун жолдору талкууланды.