Кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү

Казакстандын «келечек экономикасы» тармактарын калыптандыруу жолдорунун бири – кайра жанма энергияны өнүктүрүү. Бул маселе Астанада өткөн кайра жанма энергия булактарына арналган 2-саммитте каралды. Кайра жанма энергия булактары жөнүндөгү концепция чогулуштун маанилүү темаларына айланды. Бүгүнкүгө чейин Казакстанда аталган тармакты иреттөөчү мындай документ болгон эмес. Ошондуктан саммит жыйынтыгы боюнча кабыл алынган кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү жөнүндөгү декларация Казакстандын альтернативдүү энергетика тармагына эл аралык тажрыйба менен инвестиция тартууга жол ачат.

РАДЖЕНДРА ПАЧАУРИ, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК  ФОРУМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

-Кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүдө Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Сиздерде шамал менен күн жеткиликтүү. Тургундардын саны да көп эмес. Менин оюмча, алдыдагы убакытта Казакстандын кайра жанма энергетиканы өнүктүрүү жолу башка өлкөлөргө, айрыкча Борбор Азия аймагына үлгү боло алат.

«Келечек экономикасын» калыптандырууда кайра жанма энергия булактары долбоорлорунун мааниси зор. Алардын саны алгачкы аукцион сатуусунда тандалат. Аукционду өткөрүүдө «КОРЭМ» электрондук соода аянтчасы колдонулат. Процесс болушунча ачык түрдө өтөт. Инвесторлорго шамал, күн, электр станциялары сыяктуу кайра жанма энергия булактарынын бардык түрлөрү сунушталды. Сатуунун жыйынтыгын КР Энергетика министри Канат Бозымбаев кабарлайт.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Эки жыл ичинде өлкөдө жалпы кубаттуулугу 68 МВТ 4 күн электр станциясы салынат. Алматы жана Кызылордо аймактарындагы долбоорлорго 23 млрд теңге инвестиция багыттоо көздөлүүдө. 3 жыл ичинде 10 шамал жана 1 биогаз электр станциялары ишке ашырылат. Алардын жалпы кубаттуулугу 106 МВТка жетет. 36 млрд теңге инвестиция бөлүү каралууда.

Аукциондорду өткөрүүнүн аркасында 2013-жылы кабыл алынган чектик тарифтерди төмөндөтүү мүмкүн болду. Сатуунун кийинки сессиясы ушул жылдын тогуздун айына пландалган.