Астанада "жашыл" китепкана курулат - Kazakh TV

Балдарды китеп окуу маданиятына катыштырып, көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн ойготуу. Жеткинчиктердин ой-өрүшүн кеңейтип, эстүү тарбия бере турган китептерди чыгаруу иши менен өспүрүм жазуучуларын шыктандыруу. Кичинекей окурмандардын аудиториясына тиешелүү ушул жана башка маселелердин чечими эл аралык өспүрүм жазуучуларынын форумунда изделди. Астанада биринчи жолу уюштурулган олуттуу иш-чара Борбор Азия менен Европанын тармак адистеринин башын бириктирди.

ОЛЕГ БОНДАРЕНКО, КЫРГЫЗСТАН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН МҮЧӨСҮ:

- Биздин балдар адабиятынын тарыхы терең, бирок азыркы тапта бул тармак кайра жандануу үстүндө. Анткени жаңы мүнөздөгү китептер көп санда чыга баштады. Бизде азыр жаш авторлордун катары көбөйүүдө. Аны менен бирге китеп басып чыгаруу иши да заманбап үлгүгө жетилип, жаңыруу дооруна көчтү. Мисалы, 5 жыл мурун жылына 20 китеп чыкса, бүгүнкү күндө 100дөн ашуун китеп басылып чыгарылат.

Жыйындын катышуучулары өсүп келе жаткан урпак тарбиясына таасир бере турган  жалпы иште күчтөрдү мобилизациялоо керек деген пикирди карманышууда. Тажрыйба алмашуу үчүн Борбор Азия менен Орусиянын өспүрүмдөр жазуучуларынын бирикмесин түзүү көздөлүүдө.

ОЛЕГ БОНДАРЕНКО, КЫРГЫЗСТАН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН МҮЧӨСҮ:

- Өткөн тарыхы бир, маданияты тамырлаш, адабияты окшош боордош элдер топтолгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларын бириктирген бирикме түзүлсө жакшы болоор эле. Бири-бирибиз менен тажрыйба  алмашуудан ар бирибиз утушта болобуз.

ИРИНА КРАЕВА,   ОРУСИЯ ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН МҮЧӨСҮ:

- Заманбап казак адабияты менен Орусиянын азыркы таптагы чыгармаларын бөлүп кароого болбойт. Антени азыркы кезде биздеги балдар адабиятын Алматалык Аделя Абраева, Тоня Шипулина сыяктуу жазуучулардын эмгектерисиз элестетүүгө болбойт. Ошондуктан бирге өнүгүшүбүз керек.

Ошондой эле, форум алкагында Астанада Борбор Азия аймагында теңдеши жок, алгачкы жашыл китепкана курулаары айтылды. Бирдиктүү руханий азык мекени быйылкы жылдын ичинде адистештирилген ЭКСПО көргөзмөсүнүн алкагында ачылат деп күтүлүүдө.

АЛИЯ КОЖАБЕКОВА, КР УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК КИТЕПКАНАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Жашыл китепкана бул өтө кызыктуу демилге болот. Себеби, жашыл китепкананын алкагында атайын фонд курулат. Анда экология, курчаган чөйрөнү аярлоо, сактоо, коргоого тиешелүү материалдар, белгилүү китептер чогултулат. Ошондой эле, экологиялык темаларда ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Ушинтип, балдарды жаш чагынан баштап табиятка жоопкерчиликтүү короого үгүттөшүбүз керек.

Уюштуруучулар эл аралык өспүрүм жазуучулардын форуму жыл сайын өтүп, салтка айланаарын белгилешти. Андагы башкы максат – коңшулаш аймактардагы өлкөлөрдүн кичинекей окурмандарын сапатуу басма өнүмдөрү менен камсыз кылуу.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии