Аралдын Түндүк бөлүгү калыбына келтирилет

Аралдын Түндүк бөлүгү калыбына келтирилиши мүмкүн. Бул үчүн плотинанын бийиктиги менен акваторияга сууну толтурууну көбөйтүү долбоорун ишке ашыруу керек. Адистердин божомолу боюнча, бул чаралар  аймактагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга жардам берет. Мындай корутунду Түндүк жана Түштүк Аралга болгон “QazaqGeography” илимий экспедициянын жыйынтыгында чыгарылды. Ал Казакстандын 9 облусун жана Өзбекстандын 7 аймагын камтыды. Окумуштуулар Аралдын туздуулук көрсөткүчү төмөндөгөнүн белгилешүүдө.

НУРЖАН АЛГАШОВ, “QAZAQGEOGRAPHY” БАЙЛАНЫШ ЖАНА PR БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕДЖЕРИ:                                 

- Экспедиция ийгиликтүү өттү, биз суунун гидрохимиялык, гидробиологиялык курамына тиешелүү бардык тапшырманы аткардык. Аралда соңку кездери комплекстүү изилдөө болгон эмес. Ошондуктан биздин окумуштуулар жасаган жумуш Түндүк жана Түштүк Аралдын экосистемасын түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Мындан сырткары экспедициянын катышуучулары өлкөнүн алты ыйык жерине болгон саякаттын жыйынтыгы тууралуу айтып беришти. Изилдөөгө АКШ, Орусия менен Казакстандын тарыхчылары, антропологдору жана картографтары катышты. Окумуштуулар элдик жомоктордун жазууларын изилдеп, ГИС-координаттарын такташты. Алардын катарында Акколдогу эски мечит, Коныр Аулие үңкүрү жана башкалар бар. 2021-жылы Казакстандын ыйык жерлери тууралуу атлас чыгат деп күтүлүп жатат.

ДЖАМИЛЕ АЯЗБЕКОВА, “QAZAQGEOGRAPHY” КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА PR БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕДЖЕРИ:  

-  Ыйык жерлердин атласынын милдети – ушул жерлер тууралуу маалымат чогултуп, студенттер, окумуштуулар жана жөн гана кызыккандар үчүн ыңгайлуулук түзүп берүү. Жакында "Kazakh TV" каналынан биздин экспедициябыз менен изилдөөлөрүбүз тууралуу көрсөтүүлөр чыгат. Көрүүчүлөр экспедиция убагындагы жумуштар менен тааныша алышат.