Казакстан борбору Астанага көчүрүлгөн күндөн бери 20 жыл болду

Казакстан борбору Астанага көчүрүлгөн күндөн бери 20 жыл болду

Казакстан борбору Астанага көчүрүлгөн күндөн бери 20 жыл болду. Президент Нурсултан Назарбаевдин борборду көчүрүү жөнүндөгү Жарлыгы, жооптуу ишти жүзөгө ашыра турган «Мамлекеттик комиссия» түзүү сыяктуу көптөгөн тарыхый чечимдердин түп нускалары бүгүнкү күндө Казакстан Республикасынын Президентинин Архивинде сакталууда.

­ БОРИС ЖАПАРОВ, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АРХИВИНИН  МҮДҮРҮ:

- Бул КР Президентинин Жарлыгы. Акмола, 1998-жылдын бугу айынын алтысы, 3491-номерлүү. Мында КР борбору Акмола шаарын, Астана деп кайра атоо тууралуу жазылган. Мына ушул күндөн баштап, азыркы күнгө чейин борборубуз «Астана» деп аталып келе жатат.

20 жылдын ичинде Астана шаары казак элинин сыймыгына айланды. Жылдан-жылга санына-сан кошулуп, көркүнө чыгып келе жатат. Башкы шаар Казакстандын саясий, маданий жана илимий борбору болуп калыптанды.

АБДУАКАП КАРА, МИМАР СИНАН АТЫНДАГЫ ӨНӨР УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ, ТҮРКИЯ:

- Астанага алгач 2005-жылы казактардын дүйнөлүк курултайына келгем. Ага чейин Астана жөнүндө көп укканбыз.  Айрыкча,  жаңыдан салынган Евразиянын жүрөгүндөгү маданий жана заманбап шаар деп гезиттерден окудук. Көз менен көрүү, албетте, башка.

1999-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен Астана «Тынчтык  шаары» макамын алган. Казакстандын борбору дүйнөнүн эң мыкты окумуштуулары, серепчилери, белгилүү саясатчылары жолугушуп, ааламдык олуттуу маселелерди талкуулаган аянтка айланды.

ЗИЯБЕК КАБЫЛДИНОВ, Ч.ВАЛИХАНОВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- 20 жылдын  ичинде Астана дүйнөнүн алдыңкы саясий аянтына айланды. Ушул жерде 2010-жылы ЕККУ саммити өттү. Өткөн жылы «ЕХРО-2017» да Астанада өттү. Дүйнөлүк диндер съездинин жери да ушул борбор.

Дүйнөлүк серепчилер азыркы Астананын деңгээли бүткүл Казакстандын саясий эгемендүүлүгүн жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырып тураарын белгилешет. Ошондой эле  борбор ийгиликтүү жаш мамлекеттин символу болду.