Казакстан Түркиянын медициналык туризм тажрыйбасын өздөштүрөт. Казакстанда медицина саякатын өнүктүрүү үчүн Түркиянын тармактык ассоциациясы республикада  медициналык туризм мектебин ачууну караштырууда. Серепчилердин айтымында, казакстандык дарыгерлер стоматология менен дене мүчөлөрүнүн трансплантациясы сыяктуу кызматтарды жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн. Ошондой эле, чет өлкөлүк бейтаптар Казакстанда жүрөккө операция жасоо, экстракорпоралдуу уруктандыруу сыяктуу кызматтарды башка өлкөлөргө караганда төмөн баада ала алышат. Эл аралык серепчилер, Казакстанда чет өлкөлүктөрдүн ири агымын тейлөөгө мыкты жабдыкталган дарылоо мекемелери жеткиликтүү, дешет. Бул айрыкча коңшулаш Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына пайдалуу болот.

ХАЛИДА САДЫКОВА, КМШ БОЮНЧА ТҮРКИЯЛЫК МЕДТУРИЗМ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ, МЕДИЦИНАЛЫК ТУРИЗМ СЕРЕПЧИСИ:

- Биз бүгүнкү күндө Казакстанда медициналык туризм мектебин ачууга сунуш берип жатабыз. Өлкө аймагында ушул багытты өнүктүрүү үчүн кеңеш берип, колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Аталган тармакта алдыда аткарыла турган кызматташтык чөйрөсү жана милдеттер планы даярдалды. Биздин эл аралык ассоциацияга мүчө медициналык туризм багытынын дүйнөлүк деңгээлдеги серепчилери Казакстанга келип, жергиликтүү дарыгерлер менен адистерди окутушат. Спикерлердин тизмеси даяр болуп калды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии