Казакстан 2021-жылы өтө турган Улуттук спорт түрлөрү боюнча олимпиада оюндарын өткөзүү укугун алуу үчүн күрөшөт. Астанада Маданият жана спорт министрлиги менен ЮНЕСКОнун Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясынын ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлду. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк этно-оюндарын уюштурууга Казакстандан башка да өлкөлөр талапкер болууда. Алардын арасында – Түркия, Канада, Түштүк Корея жана Борбордук Азия мамлекеттери.

МАРСЕЛЛИН ДЕЛЛИ, ЮНЕСКОнун САЛТТЫК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ БОЮНЧА КОМИТЕТИНИН КООРДИНАТОРУ:

- Менин оюмча, Олимпиада оюндарын уюштуруу иштери Казакстанга берилет. Бүгүн үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул алгачкы кадамдардын бири. Казакстан менен ЮНЕСКО көптөн бери кызматташып келет. Бүгүнкү жыйын тыгыз кызматташуунун уландысы болуп калды. Биз алдыдагы  иш-чараларды  терең талкуулайбыз.

Эл аралык уюмдун өкүлдөрү казактардын улуттук спорт оюндарынын өнүгүп жатышына баа беришти. Серепчилер Астанада өткөн эки ири спорт иш-чарасы – “теңге илүү” боюнча экинчи жана “оодарышмак” боюнча үчүнчү Азия чемпионаттарында болушту. Анда жалпы байге фонду 14 миллион тенгени түздү. Турнирде 9 мамлекеттен келген 54 спортчу ат салышты. Аталган эки иш-чара тең Астананын 20 жылдыгына арналган.

Бүгүнкү күндө улуттук оюндар Казакстанда активдүү өнүгүүдө. Азыркы тапта 343 миң казакстандык  этно-спорт менен профессионалдуу түрдө машыгат. Белгилей кетсек, 2016-2017-жылдары ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине казак күрөшү жана чүкө атуу улуттук оюну киргизилген.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии