«Kazakh TV» интернет платформасындагы активдүүлүгүн күчөтөт

«Kazakh TV» жана «Хабар24» телевизиондук каналдар интернет платформадагы активдүүлүгүн арттырат. World Content Market конференциясынын алкагында контентти OTT-аянттарында жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Белгилей кетсек, азыркы тапта «Хабар» Агенттигине тиешелүү каналдар «Vintera.TV» эл аралык платформасында жайгаштырылган. Анын аудиториясы 10 миллион колдонуучуну түзөт. Технологиялык компания укук ээлерине бир нече мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. Мисалы, кепилдиктүү аудитория жана колдонуучулардын так статистикасы бар сунушталган контенттен жаңы телеканал жасоо. Мындан башка, жайгаштыруу 200 ири OTT-аянттарында жүргүзүлөт. «Vintera.TV» артыкчылыктарынын бири - казакстандык контентти кеңейтүү, дейт компаниянын башкы мүдүрү Герасим Гадиян.

ГЕРАСИМ ГАДИЯН, VINTERA.TV КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Телеканалдардын же алардын контентин жеке эле  аянтында «Vintera.TV» эмес, Орусиядагы 200дөн ашуун OTT аянтында жайгаштырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Алардын арасында эң белгилүү Яндекс, ВКонтакте, Одноклассники, Rutube бар. Ал эми, Казакстан рыногуна келе турган болсок, азыр «Kazakh TV», «Хабар24» сыяктуу таанымал телеканалдарды жайгаштырууну ойлонуштуруп жүрөбүз. Ушул оюубуз алдыдагы бир айда ишке ашат.

ЕЛЕНА САНБИМ,  WORLD CONTENT MARKET МҮДҮРҮ:

- Платформалар өнүгүп жатат, катышуучулар кез келгени менен иштешүүгө даяр. Бул ОТТ жана онлайн-кинотеатрлар. Азыркы тапта бул платформалар аябай мыкты өнүгүп, чет өлкөлүк контентти алып жатат.

Белгилей кетсек, World Content Market конференциясынын алкагында, үч күн ичинде 600 компаниянын 1500дөн ашуун өкүлү Москвада аудиовизуалдык долбоорлорду сатып алуу, сатуу жана биргелешип  иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Быйыл иш-чарага 40 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.