Казакстанда эс алууну каалаган туристтердин көбү Орусиядан келет. 2017-жылы гана бул өлкөнүн 1 миллион 700 миң жараны Казакстандын курортторун тандашкан. Өлкөнүн табияты кооз, тарыхый эстеликтерге бай аймактарынын бири Баянаул орусиялыктарга өзгөчө жаккан. Быйыл жайда Иртышта Павлодар-Новосибирск аба каттамы ачылат. Жаңы каттам жумасына 2 жолу ишке ашат. Эми жолоочулар каалаган жерлерине 1 саат 20 мүнөттүн ичинде жетишет. Эки тарап ортосунда жаңы рейсти жайкы мезгилде ачуу тууралуу келишим бар. Бул багыт облустун туристтик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга себеп болот. Алдыдагы убакытта Павлодар шаарын Беларусь жана Туркиядагы шаарлар менен туташтырган аба жолдору да жанданат.

САНСЫЗБАЙ СЕЙТАХМЕТОВ, ПАВЛОДАР АБА МАЙДАНЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биринчи кадам ташталды. Өткөндө компания башчылары менен жолукканда алар мындан башка жаңы багыттарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтышты. Бул аба компания биз менен бирге көптөн бери кызматташып келет. Бизде жумасына 3 жолу каттаган Павлодар-Москва маршруту бар.

Орусиялыктар кызыга тандаган Казакстандын  дагы бир эс алуу аймагы – Алакөл. Туристтерге ыңгайлуу болуш үчүн быйыл жайында Новосибирск – Үчарал - Новосибирск аба каттамы ачылат. Бул тууралуу келишимдер түзүлгөн.

АСЕЛЬ САДЫКОВА, ТАЛДЫКОРГАН ШААРЫНЫН  ТУРГУНУ:

- Келечекте  ушундай аба жолдору Капчагайда, Балкашта ачыла турган болсо, ал Казакстан үчүн өтө ыңгайлуу болмок. Анткени туризмди өнүктүрүү - Казакстанды өнүктүрүү деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө Алакөлдүн жээгинде 200гө жакын туристтик объект бар. Инфраструктура заманга ылайык өнүктүрүлүп, эс алуучуларга ыңгайлуу шарттар жасалууда. Өткон жылы Алакөлдүн Алматы облусуна караштуу бөлүгүнө 800 миңге жакын адам эс алса, быйыл эс алуучулардын катары 1 миллиондон ашат деген божомол бар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии