Астана Казакстандын туризм борборуна айланууда. Былтыр эле борбор калаага келген туристтердин саны 800 миңден ашкан. Анын ичинде Кытайдан эле 100 миңге жакын саякатчы атайын Астананы көрүү үчүн келишкен. Ошондой эле, борбордун жашоосу жана белгилүү жерлери Орусия, Германия, АКШ өлкөлөрүнүн туристтерин да кызыктырып келет. 2020-жылга чейин шаар акимиаты  калаа конокторунун саны 2 миллионго жетет деп мерчемдеп жатышат.

АЙГЕРИМ МУХАМЕДЖАНОВА, АСТАНА ШААРЫНЫН ТУРИЗМ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- 20 жылдын ичинде Астанабыз жогорку даражага көтөрүлдү. Туристтик инфраструктура, транспорттук, логистикалык шарттар жылдан-жылга өнүгүп жатат. Рынокто ири мейманкалар иштеп келет. Чет өлкөлүк байланыштар бекемделүүдө. 70 чакты мамлекет менен визасыз режим түзүлдү. Кытай менен туристтик карым-катнашты бекемдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Кулжа айынын он төртү «Казак түнү» иш-чарасын өткөрөбүз.

Бүгүнкү күндө Астанада экскурсия жүргүзө турган гиддердин реестери жасалган. Туризм ассоциациясында тиркелгендер атайын күбөлүк алып, туристтик объекттерге акысыз кире алышат. Жергиликтүү гиддер шаар конокторуна экскурсиянын бир нече түрүн сунуштоого даяр.

АЙСУЛУ ИРГЕБАЕВА, ТУРИСТТИК КОМПАНИЯ МҮДҮРҮ:

- Тема жана багыттарга байланыштуу болжолдуу 10-12 турдан турган экскурсия жасайбыз. Мектеп окуучуларын ЖОЖдорго алып барабыз, патриоттук  темаларда тунгуч президенттин музейине, улуттук мурас жайларына саякат жасайбыз. Ошону менен катар, көбүнчө туристтер сейил бактарда жөн эле сейилдеп, өлкөбүздүн тарыхы менен танышууну оң көрүшөт.

20 жылдын ичинде Астана эл аралык деңгээлдеги окуялар өткөн борборго айланды. Былтыр Астана шаары ЕХРО адистештирилген көргөзмөсүн өткөрдү. Расмий маалыматтарга ылайык, аталган иш-чарага 187 өлкөдөн, 4 миллионго жакын адам келген.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии