Нидерландыдан «Арман кала» келе жатат

Нидерландыдан Астанага. Казакстандын борборунун 20 жылдыгына голландиялык гүл өстүрүүчүлөр 1000 түп жоогазын гүлүн белек кылышат. Алар жоогазындардын жаңы түрүн чыгарып, ага «Арман кала» деген ат ыйгарышты. Голландия ишкерлери эки жумада гүлдүн «Арман кала» аталышына тиешелүү сертификат алып, расмий түрдө каттады.

ЯН ЛИГТХАРТ, "LIGTHART BLOEMBOLLEN" КОМПАНИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- «Арман кала» - Астананын 20 жылдыгын утурлай атайын өстүрүлгөн жаңы сорт. Аппак жээги бар кызыл гүлдүн сабагы менен жалбырагы бекем болот. Үч жумага чейин гүлдөй алат.

Адистердин айтымында, жоогазындардын жаңы түрүн чыгаруу өтө узак убакыт менен үзгүлтүксүз эмгекти талап кылат. Кээ бир кезде жаңы түрдү алып чыгуу чейрек кылымды талап кылат, дейт Ян Лигтхарт. Аралаштыруудан кийинки алгачкы үч жылда сабактары менен жалбырактары гана пайда болот, төртүнчү жылдан баштап гүлдөй баштайт. Жалпы жоогазындын жаңы сортун чыгаруу үчүн жыйырма жылдай  убакыт керек. Белгилей кетсек, Ян азыркы мезгилде эки уулу менен бирге жоогазындын үч миңге жакын түрүн өстүрүп жатат. Казакстан ушул жоогазындардын түпкү ата мекени экенин ал жакшы билет.

ЯН ЛИГТХАРТ, "LIGTHART BLOEMBOLLEN" КОМПАНИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Өлкөңүздөр сонун жана абдан кооз. Бийик тоолор менен суктантаарлык шаарыңыздар бар. Силердин өлкөңөрдүн кышы суук, жазы Голландияга караганда кургак жана жылуу. Мындай континенталык  аба ырайы жоогазындардын табигый жолу менен өсөөрүнө ыңгайлуу. Биз бул жакта гүлдөргө жасалма жол менен жылуулук берип, өстүрөбүз. Казакстанда, гүлдүн түпкү ата мекенинде жер-таштан да жылуулук алат. Бул маалыматты китептен окугам. Ошол себептүү көз менен көрүп,  тажрыйба алмашуу үчүн Казакстанга баргым келет.

Белгилей кетсек, Нидерландыда гүл өстүрүүчүлөр тобу уюштуруп жаткан бул иш-чарага ошол өлкөдөгү Казакстан элчилиги да колдоо көрсөтүүдө.