Астанада тыйын эңмей жана эр эңиш боюнча Азия чемпионаты башталат

Астанада тыйын эңмей жана эр эңиш боюнча Азия чемпионаты башталат

Кулжа айынын биринде Астанада тыйын эңмей жана эр эңиш боюнча Азия чемпионаты башталат. Борбор калаанын 20 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан жарышка Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Монголия, Орусия, Ооганстан, Кытай жана Түркия сыяктуу тогуз өлкөдөн жалпы 54 спортчу катышат. Анын 44ү эр эңишке түшөт. Тыйын эңмей боюнча экинчи, Эр эңиш боюнча 3-жолу өтө турган Азия чемпионатынын жалпы байге фонду 14 миллион теңге. Жарышты көрүүгө ЮНЕСКОнун салттык спорт жана оюндар комитетинин өкүлдөрү келишет.

АРЫСТАНБЕК МУХАМЕД УУЛУ, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- ЮНЕСКОнун алкагында 2021-жылы улуттук спорт түрлөрү боюнча уюштурула турган алгачкы Олимпиада оюндарын өткөрө ала турган 4 мамлекеттин катарында Казакстан да бар. Ошондуктан ЮНЕСКОнун өкүлдөрү Астанадагы Азия чемпионаттарын көрүү менен чектелбестен, биздин өлкөдөгү улуттук спорт жарыштарынын уюштуруу жана пропагандалоо иштерин көрүү үчүн атайын келишет. Эгер улуттук спортубуздун өнүгүү деңгээли менен пропагандалоо  жогорку деңгээлде болсо, 2021-жылы өтө турган алгачкы улуттук спорт түрлөрү боюнча олимпиада оюндарын Астанада өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк алабыз.