«Казакстандын билим күндөрү» Өзбекстанда. Ушундай аталышта Самарканд шаарында эл аралык программалар Борборунун уюштуруусунда жарманке өттү. Казакстандын алдыңкы 15 Жогорку окуу жайынын өкүлдөрү коңшу өлкөнүн жаштарына билим берүү тармагындагы өз мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып беришти. Белгилей кетсек, жыл сайын чет өлкөлүк окуучулар үчүн бөлүнө турган грант саны көбөйүүдө. Жатакана берилип, стипендия да каралган. Мындай ыңгайлуу жагдайлардын аркасында Өзбекстандын 5 миң бүтүрүүчүсү Казакстандын Жогорку окуу жайларын тандап жатышат.

ЗАРИНА ЯЛЛАБАЕВА, КӨРГӨЗМӨНҮН КОНОГУ:

- Самаркандга Казакстандан келген көргөзмөнү көрүп, өзүмө керектүү маалыматтарды алдым. Ал жакта кандай мыкты жогорку окуу жайлары бар, алардын кайсы тармактарда  адистерди даярдай тургандыгын сурап билдим. Келечекте өз билимимди ошол жактан улантсам деген ойдомун.

МАДИНА ХОДИЕВА, КӨРГӨЗМӨНҮН КОНОГУ:

- Көргөзмөдөн өтө көп маалымат алдык. Самарканддык жаштар Казакстандагы университеттерге барып, жогорку билим, мол тажрыйба топтоюн деген тилекте.

Жарманкеде ЖОЖдордун өкүлдөрү билим берүүдөгү жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Казакстандык жана өзбекстандык  университеттер чет өлкөлүк студенттерге бакалавр, магистратура жана докторантура программалары менен Казакстандан билим алууга мүмкүнчүлүк берген келишимге кол коюшту.

ЗҮЛФИЯ ТӨРЕБЕКОВА, «ЭЛ АРАЛЫК ПРОГРАММАЛАР БОРБОРУ» АК ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Ахмет Яссауи мамлекеттик университети жыл сайын Түрк өлкөлөрүнөн келген жарандарга 500гө жакын билим гранттарын сунуштайт. Колубуздагы маалыматтарга ылайык, жыл сайын Өзбекстандын 110-120га жакын студенти ушул жогорку окуу жайларына кабыл алынат. Быйылкы жылы да ошончо сандагы студентти күтүп жатабыз.

Казакстанда азыркы тапта 14 миң чет өлкөлүк студент окуп жатат. Алдыдагы мезгилде бул көрсөткүчтү жогорулатуу каралууда. Ал эми кезектеги билим жарманкесин Түркмөнстан менен Индияда өткөрүү пландалган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии