Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин «Эгемендүүлүк доору» аттуу китеби Санкт-Петербургда тааныштырылды. Серепчилердин пикири боюнча, бул мамлекет куруунун энциклопедиясы. 500 беттен турган жаңы чыгарма мамлекеттин эгемендүүлүктү алган күнүнөн тарта, анын калыптануу кездердеги өзгөчөлүктөрү менен 26 жылдык көз карандысыздык доорундагы ички жана сырткы сын-каталардан өтүүгө байланыштуу кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгү баяндалат.

ИГОРЬ РОГОВ, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул китеп жеке тарыхка гана арналган экспертиза эмес, келечекке багытталган өнүгүү программасын да камтыган чыгарма. Муну окуган адам Казакстан коомунун алдыдагы мезгилде кандай өзгөрөөрүн, өнүгүүнүн кайсы жолу менен бара жатканын биле алат. Бул жигердүү иштин башында Президентибиз Нурсултан Назарбаев турат. Китепти тааныштыруу учурунда  өз ойлорун айткан чет өлкөлүк адистер, биздин бул оюбузду кубатташууда.

Китептин бет ачарына орусиялык окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана казак диаспорасынын, Казакстандан барган делегация өкүлдөрү катышты. Катышуучулар Казакстандын эгемендүүлүк жылдарында жеткен жетишкендиктери сыйга татыктуу дешет. Серепчилер эң биринчи жогорку экономикалык көрсөткүчтөргө оң баа беришти.

НИКОЛАЙ КРОПАЧЕВ, САНКТ-ПЕТЕРБУРГ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ:

- Казакстанда кыска мезгилде алгылыктуу иштердин жасалганын көрүп жатабыз. Эми Казак өлкөсү 2050-жылга карай дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирет. Менимче, бул стратегиялык мерчем мезгилинен мурда орундалат. Президент башка өлкөлөрдүн  оюна да келбей турган  зор милдеттерди алдына коюп гана койбостон, ага кол жеткизип келе жатканды таң калтырат.

Ошондой эле коноктордун назарына «Астана - улуу талаа берметтери» фото көргөзмөсү сунушталды. Андан соң делегация Санкт-Петербургда окуп жаткан казакстандык студенттер менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана руханий жаңыруу программасы тууралуу жаштарга маалымат беришти.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии