70 өлкөдөн 800 катышуучу Алматы шаарында XV Евразиялык медиа форумунда жолугушту. Катышуучулардын катарында белгилүү жана салмактуу саясатчылар, абройлуу эл аралык уюмдардын, таасирдүү изилдөө борборлорунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар. Негизги талкуулар жана чыгып сүйлөөлөр 2-күнү болот. Бул күн Уюштуруучу комитети Дарига Назарбаеванын жана КРнын Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаевдин сөзү менен башталат. Юбилейлик 15-форумдун биринчи күнү журналисттер жана студенттер үчүн «нон-стоп» режиминде автордук мастер-класстар өтөт. Замандын эң олуттуу маселелерин жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк белгилүү серепчилер талкуулашат.

СТИВЕН СОМЕРВИЛЛЬ, «REUTERS» ЖУРНАЛИСТТЕР КООМУНУН  ТӨРАГАСЫ:

– Бүгүнкү күнү жаш журналисттерди окутуу өтө маанилүү. Себеби, азыркы тапта алардын мойнунда чоң жоопкерчилик жана кысым жатат. Маалыматтык ыкчам таратуу факттарды жана тенденциялуулукту кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул жерде принциптерди түшүнүү - кесиптин негизи. Бүгүнкү күнү бул нерсени сөзсүз окуу керек.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии