Алматыдагы Евразиялык медиа форум 60 өлкөдөн 800 катышуучуну чогултту

Алматыдагы Евразиялык медиа форум 60 өлкөдөн 800 катышуучуну чогултту

Алматыдагы Евразиялык медиа форум 60 өлкөдөн 800 катышуучуну чогултту. Спикерлердин катарында белгилүү медиа персоналар, саясатчылар, бизнес өкүлдөрү, эл аралык серепчилер, коомдук ишмерлер жана Нобель сыйлыгынын ээлери. Бул иш-чараны чагылдыруу үчүн 100 чет өлкөлүк жана 150 казакстандык ММК өкүлдөрү  келишти.

ГУЛЬМИРА АЛИМБЕКОВА,  «ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИА ФОРУМ» ЭЛ АРАЛЫК ФОНДУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- АКШ жазуучусу Лорд Майкл Доббс, БУУ өкүлү Давид Чакваидзе, Оскар сыйлыгына талапкер Евгений Афинеевский, Нобель сыйлыгынын ээси МохаМона Сингх жана башка белгилүү кызыктуу инсандар.

Бул жылкы Евразиялык медиа форумдун темасы - “15 жыл Эволюция: Дүйнө кандай өзгөрүп жатат жана дүйнө бизди кантип өзгөртүүдө”. Программада геополитика суроолору жана дүйнөнүн ааламдык  кайра курулуусу. “Жашыл экономика” концепциясы, 4-техникалык төңкөрүш, инвестициянын шериктеш мамлекеттер альянсынын экономикалык жашоосундагы ролу. Ошондой эле заманбап журналистиканын санариптик доордогу өнүгүүсү жана жаңылыктарды берүү форматы боюнча мастер-класстар.

СЬЮ ФИЛЛИПС, ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИА ФОРУМДУН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Акыркы 15 жыл ичинде дүйнө экономика планында, маалымат берүү жана ылдамдыгы боюнча, технология багытында абдан өзгөрдү. Көп сессиялар эл аралык суроолор диалогуна багытталат. Башка кызыктуу “фейк-ньюс” аталыштагы тема. Такталбаган маалымат темасы. Ошондой эле спикерлер гендердик өнүгүү маселеси боюнча да кеп козгошот. Анан албетте мастер класстар. Бул медиатехнологиялар тармагындагы тирүү тажрыйба алмашуу болот.

Белгилей кетсек форумдун өтүп жаткан жылдарынын алкагында, форумга 6 миңден ашуун чет өлкөлүк катышуучу жана бир жарым миң дүйнөлүк, абройлуу масс-медианын өкүлдөрү катышышты.