Дүйнөнүн эң абройлуу серепчилери казакстандык студенттерге дарс окушту. Жолугушуулар Астананын 2 алдыңкы – Назарбаев жана Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университеттеринде өттү. Көрүнүктүү лекторлор азыркы тапта болуп жаткан технологиялык жетишкендиктер жана адамзаттын алдында турган чакырыктар боюнча баяндап беришти.

КРИС БАРТОН, SHAZAM ТИРКЕМЕСИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

 - IT тармагы азыр биздин планетада ишенимдүү кадам таштап жатат.  Сиздердин өлкөнүн мындан ары өсүшү үчүн жаштарга керектүү бардык шарттарды жаратууга инвестицияны жогорулатууну сунуштамакмын. Айрыкча стартаперлерди колдоп, алардын идеясын угуу зарыл.

Атагы алыска кеткен окумуштуулар, саясатчылар жана экономисттер менен жолугушуу казакстандык жаштарды шыктандырды. Серепчилер айткан алдыңкы заманбап багыттар жана мыкты идеялар келечектин жаңы  түстөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин студенттер жашырышкан жок.

БИБИНУР ОРЫНБАЕВА, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Мага Жан Батист Кокьюузонун дарсы абдан жакты. Ал мен окуп жаткан туризм багытындагы технологияларды белгилей кеткендиги менен эсте калды. Зор таасир берди. Ал абдан кызыктуу дарс окуп, илимий фактыларды айтып бизди таң калтырды. Мага анын биздин өлкөгө болгон сый урматы жакты. Мен үчүн келечекте жаңы технологияларга жана инновацияларга негизделген жаңы программа түзүп, экономика багытын башка жааттан кароого мүмкүн болоору жаңылык болду.

Тынчтык Нобель сыйлыгынын ээси, БУУнун суу жана кырсыктар боюнча Коопсуздук Кеңешинин кеңешчиси – Рае Квон Чунг дарс учурунда жаштарды көмүр жана мунайды алмаштырган кайра жанма энергия булактары боюнча ой бөлүштү. «Жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор» борбору ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн логикалык уландысы деп баса белгиледи.  Рае Квон Чунг Астана “жашыл” экономикага өтө турган борбордук хабга айланып бара жатат деп эсептейт. Белгилей кетсек, казакстандык жаштарга багытталган дарс фестивалы АЭФтин алкагында биринчи жолу өтүп жатат. Уюштуруучулар бул фестиваль салтка айланат деп ишенишет жана бул иш-чарага ар бир каалоочу катыша алат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии