Чыгыш Батышты Евразиялык форумда тосуп алат. «15 жыл эволюция. Дүйнөлүк өзгөрүштөр». Бугу айынын 21де Алматыда өз ишин баштай турган салттык медиа форумдун темасы ушундай. Уюштуруучулардын айтымында, дискуссиялык аянт дүйнөлүк  медиа мейкиндигинде олуттуу орунду ээлейт.

РУСЛАН ЖЕМКОВ, «ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИА ФОРУМ» ЭЛ АРАЛЫК ФОНДУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Башында долбоор түзүлгөндө East or West – Peace is bes, же Батыш же Чыгыш болсун, тынчтык экөөнүн ортосунда деген ураан жолугушуунун өзөгүнө айланган эле. Азыркы күнгө чейин ал маанилүүлүгүн жоготпой келе жатат. Биздин форум дал ушу максатка багыттаган диалогдук аймак болуп келет.

Быйылкы форум дүйнөлүк даражадагы таанымал инсандарды жыйнады. Мисалы, Барак Обаманын кеңешчиси болгон Роджер Фиск, чуулгандуу «Карточный домик» китебинин автору, саясатчы Майкл Доббс катышат. Медиа форумдун өзөгүн 1 жылда дүйнөлүк ММКларда зор талкууга түшкөн темалар түзөт. Алар 7 пленардык сессияга бөлүнөт.  Форумдун алгачкы күнүндө журналисттер коомунан атайын 7 автордук мастер класстар өткөрүлөт.

АКСУЛУ АРЗЫКУЛОВА, ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИА ФОРУМУНУН БАСМА СӨЗ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Эң алгач мастер классты бизге Улуу Британиядан келген Юсуф Омар өтөт. Темасы мобилдик журналистикага байланыштуу болот. Ошондой эле, белгилүү бир аскерий кагылыштарда атайын репортаждарды кандай жасоо керектиги тууралуу да мастер класстар болот. СННден атайын Райан Смит келип журналистиканын келечеги тууралуу мастер класс өтөт.

Форумдун акыркы эки күнү да кызуу талкууда болот. Жолугушуу 3 күнгө созулат. Аталган форумга 100дөн ашуун журналист катталган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии