АЭФ серепчилери студенттерге дарс окуду

АЭФ серепчилери студенттерге дарс окуду

Быйылкы Астана экономикалык форум ааламдык серепчилер коому менен жигердүү жаштарды бириктирчү интеграцияланган майданга айланды. Салттуу жолугушуунун алкагында дарстар фестивалы өтөт. Анда эл аралык алдыңкы серепчилер жаш муунду дүйнөлүк чакырыктарга жооп издөөгө шыктандырат. Бугу айынын 17-18-күндөрү борбордо Назарбаев менен Гумилев атындагы Евразия университеттеринде атайын иш-чаралар, презентациялар дүйнөлүк даражадагы экономисттер менен жолугушуулар өткөрүлөт.

БАУБЕК СОМЖҮРЕК, Л.Н. ГУМИЛЕВ АТЫНДАГЫ ЕУУ ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР ЖАНА ИННОВАЦИЯ ПРОРЕКТОРУ:

- Эки күн форумга катышып жаткан белгилүү серепчилерибиз университетке келип, геосаясат маселелери, санариптик технологиялар боюнча дарс окуйт. Ушундай жолугушууларда карапайым студент белгилүү, өз багытында жогорку деңгээлге жеткен инсанга өз суроосун түз бере алат.

Дүйнөнүн алдыңкы ишкерлери жана окумуштуулары менен жолугушуу атамекендик жаштарды жаңы ийгиликтерге шыктандырып, келечекке ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө болот деп ишенишет уюштуруучулар. Жолугушуунун башкы темалары - геосаясий чакырыктар, келечектеги экономика, санариптүү технологиялар, ишкердикте чыгармачылык ыкмалар, дүйнөнү жаңыча түшүнүү болмокчу.

БОДАН ЖЕТИБЕС,  СТУДЕНТ:

- Экономика багытындагы белгилүү World Bankтын ага директору Шантаянан Девараджан келет. Бул нерсеге мен абдан кубанычтамын. Экономика факультетинде билим алып жаткандар үчүн жогорку адистерден сабак алуу бул зор мүмкүнчүлүк.

Фестивалда дүйнөгө таанымал  14 алдыңкы серепчилер дарс окуйт. Башкы спикерлер – China Economic Quarterly журналынын башкы редактору, «Азия  башкаруу модели» китебинин автору Джо Стадвелл жана CEO Shazam компаниясынын негиздөөчүсү Крис Бартон.