Kazakh TV: Жаңы теле берүүлөр

Kazakh TV: Жаңы теле берүүлөр

Оригиналдуу сюжеттер,  жаңы үлгүдөгү үндүк жана видео эффекттер, заманбап технологиянын мүмкүнчүлүктөрү, тартуучу топтун акыркы жаңылыктары. Казакстандык кино өндүрүшүнүн арасындагы окуялар жана жетишкендиктер тууралуу кененирээк Kazakh TV каналындагы «Cinema Life» апталык  программасынан кабардар боло аласыздар.

НҮРГҮЛ ТҮСИПБЕКОВА, «CINEMA LIFE» ПРОГРАММАСЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- «Cinema Life» долбоору ата-мекендик жана чет элдик  көрөрмандарды заманбап жаңылыктардан кабардар кылат. Көпчүлүктүн талабына туура келген кино тармагын көтөрүү менен кинорежиссёрлордун эмгегин көрсөтүү. Жалпы Казакстандык кино тармагындагы өзгөрүштөрдү айтып гана койбостон, жергиликтүү өнүмдү ааламдык кино коомунда алардын ордун табуу.

Спорт тармагындагы башкы жеңиштер менен дени сак жашоонун маани-маңызын Kazakh TV каналындагы «Sports Nation» берүүсүнөн көрө аласыздар. Жамаатта жаш жана жигердүү команда эмгектенет. Андыктан чыгармачылык  изденүү менен кызыктуу маалыматка толгон көрсөтүү берилет. Спорттун натыйжалары, ааламдык даражадагы сынактар, эл аралык деңгээлдеги улуттук жарыштар менен түрдүү спорттук машыгуулар, аны менен катар, мыкты спортчулар менен болгон маектер да коштолмокчу.

САБИНА СЕКСЕМБАЕВА, «SPORTS NATION» БЕРҮҮСҮНҮН ПРОДЮСЕРИ:

- Программа спорт тууралуу, жалпы дени сак жашоо салтын кармангандар менен улуттук спорттун айкалыштары «Sports Nation» көрсөтүүсү аркылуу сунушталат. Өз ишин сүйгөн спортчуларыбыз, жетишкендиктери тууралуу, көпчүлүк билбеген кыйынчылык, жакшылыктары менен бөлүшөт. Ар бир берүүбүздү көрөрманды кызыктыргандай кылып берүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

Улуттук стилде сайма түшүрүлгөн казак калкынын кийим үлгүлөрүнүн тарыхы менен заман агымынын өзгөрүүсү. Телеканал көрөрмандарына сунуштаган жаңы долбоордун бири ушул жаатта болот. Көчмөндөрдүн турмуш-салты, буюмдарынын кайталангыс өзгөчөлүгү жана маани-маңызын жоготпой  заманбап этно стилде  жасаган ата-мекендик чеберлери. Kazakh TV  каналында ар бир апта сайын казак калкынын  тарыхы, маданий мурастары тууралуу сыр чечкен «Oriental Vintage»  программасы сунушталып жатат.

АЙНУР МАЗИБАЕВА, «ORIENTAL VINTAGE» ПРОГРАММАСЫНЫН АВТОРУ:

Улуу таала элдеринин күнүмдүк кийимдери бизди кызыктырып келет. Алар кандай кийимге басым жасашкан? Кандай материалдарга жана түстөргө жакын болушкан? Андагы оюулардын мааниси кандай? Жибек жолундагы соода кербен менен жеткен кандай мата түрлөрү суроо талапты туудурган? Ушунун баардыгын адистердин өз оозунан угабыз.

Маалыматтык-аналитикалык, илимий, маданий жана оюн-зоок, көңүл ачуучу. «Kazakh TV»  каналы күн сайын эксклюзивдүү жана оригиналдуу программалар менен Казакстанды жана чет өлкөнү, бүгүнкү күн менен өткөн күндөн жакыныраак кабардар кылган, акыркы үлгүдөгү технологиялар жана берүүлөр менен көпчүлүктү кубантып турат.