“Астана” ЭКБ Улуу Британиянын ЖОЖдорунда билим алып жаткан жаш таланттарды издейт

“Астана” ЭКБ Улуу Британиянын ЖОЖдорунда билим алып жаткан жаш таланттарды издейт

“Астана” эл аралык каржы борбору,  Улуу Британиянын ЖОЖдорунда билим алып жаткан жаш таланттарды издейт. Лондондо студенттер жана «Болочок» программасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарынын жарманкеси болду. Бул жарманкеге 100дөй казакстандык келди. Алардын баары Бириккен Королдуктагы алдыңкы Оксфорд, Кембридж окуу жайлары, Лондон экономикалык мектеби жана Ливерпуль, Манчестер университеттеринде  билим алып жаткан студенттер. Катышуучуларга арбитраждык сот, эл аралык каржы борборлор тармактарында карьера түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди.

АРМАН ШОКПАРОВ, «АСТАНА» ЭКБ КАРЬЕРА БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Бизге ким керек? Каржы борбору болгондуктан негизинен каржы, укук таануу, экономика, стратегия жана өнүгүү багыттарында билим алган студенттер керек. Эл аралык каржы болгондуктан англис укугун колдонобуз.  Биздин аянтчадагы расмий тил – бул англис. Ошондуктан Улуу Британияда окуусун аяктап жаткан студенттер биз үчүн эң эле ылайыктуу.

Каржы борборунун алдындагы үзгүлтүксүз профессионалдуу өнүктүрүү бюросунун кызматкерлери, кесиби жана тажрыйбасы жагынан талаптарга жооп берген студент-магистранттар жана илимий докторлор менен  бир катар маектерди жүргүзүп, жумуш талаптары менен тааныштырды.

ЕРЛАН КАЙРУЛЛАЕВ, БРУНЕЛЬ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Мен «Астана» эл аралык каржы борборунда иштегим келет. Ушул каржы борборунун өнүгүүсүнө өз салымымды кошсом дейм. Анткени мен эл аралык адистер менен тыгыз иштешкем жана каржы борборунун өнүгүүсүндө ушул тажрыйбамды колдонгум келет.

Жыйынтыгында структуралык бөлүмдөргө керектүү талапкерлердин пулу чогултулду. Эмгек тажрыйбасы 7 жылдан ашкан кесипкөйлөр тандалып алынды. Арасында эл аралык сертификат ээлери да бар. Ошондой эле каржы борбору жаш адистердин катарын толуктай турган студент-магистранттарды тандап алды.