Астанада жыл сайын болуучу жарманке өттү. Ага Казакстандын бардык аймагынан жалпы 350дөн ашуун ишкер катышып, өз продукциясын алып чыкты. Бул тамак-аш азык-түлүгүнөн баштап, атайын техникалардын жана ар кандай шаймандарга чейинки түрдүү товарлардын жыйындысы. Белгилей кетсек, бардык товар өндүрүүчүлөр качандыр бир кездерде мамлекеттик колдоо алышкан. Анын аркасы менен  өндүрүштү жаңылап, товар санын жана түрүн көбөйтүп жаңы базарга чыга алышкан. Павлодар өндүрүүчүлөрү жогорку сапаттагы сүт азыгын көрсөтүштү.

БАЗАРГУЛЬ ОМАРОВА, ЖАРМАНКЕНИН КАТЫШУУЧУСУ:

– Быштактын 13 түрү барБиз ачыткыны Италиядан алабыз. Сүттү болсо Павлодардагы фермалардан. Күнүнө 500 литр сүт иштетебиз. Андан 55-60 кг быштак чыгарабыз.

Ошондой эле жарманкеде коммуналдык кызматтардын ишин жеңилдете турган технологиялар да көрсөтүлдү. Мисалы, тоңуп калган музду, жааган карды асфальтка зыян келтирбестен тазалоочу аппарат. Бул абдан ыңгайлуу жана эффективдүү каражат. Ал Карагандада чыгарылып, чогултуу иши борбордо жүргүзүлөт. Өндүрүүчүлөр келечекте күйүүчү май менен иштей турган кыймылдаткычты сууга алмаштырууну көздөшүүдө.

ГАЛИМЖАН МАСАНОВ, ИШКАНА МҮДҮРҮ:

– 2017-жылы “Бизнестин жол картасы – 2020” мамлекеттик программасынын алкагында грант алдым. – Бул аппарат музду кесип, балта менен майдалайт. Ошону менен тоңуп калган муздан, туруп калган кардан арылтат. Аппарат асфальтка зыян келбегидей кылып жасалган.

«Ишкерчилик жол картасынын» алкагында орто жана чакан бизнести колдоону көбөйтүү үчүн  бул жылы өзгөрүүлөр киргизилди. Билдирмелерди карап чыгуу мөөнөтү кыскартылып, жардам берүү программасында насыяны берүүдөгү белгиленген коюмдун ордуна өзгөрүлмө коюм болуп калды.



Комментарии