ІТ-адистерин даярдоо

Казакстанда IT-адистигин даярдоого абдан чоң иш-аракеттер жасалууда. Адистикти даярдоо максатында астаналык жана улуу Британиялык колледждери арасында инновациялык smart курсун куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Айта кетүүчү жагдай, окутуу курсу заманбап технологиялар менен жабдылат. Анда жаңы окуу жылынан баштап бир гана программа боюнча эмес, дизайнерлер, интерфейстер, аналитиктер менен кибер коргоочулар дагы дайындалары мерчемделүүдө. Ар бир үч ай сайын америкалык кесиптештер билим берүү тармагын жаңыртууга жардам  берип турат. 

ҚУАНДЫК ҚҮДАЙБЕРГЕНОВ, КОЛЛЕДЖДИН МҮДҮРҮ: 

- Алдыдагы убакытта өз тажрыйбабызды жогорулатып бөлүшөбүз. Билим тармагында санариптештирүү белгилүү бир даражада артта калып келет. Андыктан жеткиликтүү тажрыйба алуубуз кажет. Чет элдик жетекчи катары билим берүү мекемелеринин жумушуна назар салсак, алда канча артта калгандар бар. Муну моюнга алуубуз керек.