Өзбекстандыктар Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилеп жатышат

Өзбекстандыктар Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилеп жатышат

Өзбекстандыктар Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилеп жатышат. Аны менен катар, Ташкенттеги Чыгыш таануу университетинде «Чынгыз Айтматов – ааламдык адабияттын көрүнүктүү өкүлү» аталышындагы жыйын өттү. Анда коом жана мамлекет кайраткеринин өмүр жолу менен чыгармачылыгынан  үзүндүлөр окулду. Иш-чарада жазуучунун өмүр баянын изилдеп жүргөн илим кызматкерлери жаштарга Чынгыз Айтматовдун эмгектери, Борбордук Азия республикаларынын арасындагы достук карым-катышын жакындатууга кошкон салымы тууралуу кенен маалымат берди.

АХМАДЖОН МЕЛОБИЕВ, ӨЗБЕКСТАН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ АТТУУ БОРБОРДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Ар бир элдин жазуучусу бир мамлекет тууралуу жазат, өз заманы тууралуу калемге салат. Ал эми Чынгыз Айтматов жалпы адамзат баласына бирдиктүү маселени көтөрө билген. Анын эмгектерин  Европа, Африка, жада калса АКШ  жарандары дагы оңой кабыл алды. Анткени ал жалпыбызга бирдей маселени чагылдырган. Мындай бакыт баарына буюра бербейт. Айтматовдун ойлуу сезими өтө терең,  анткени ал болочокту болжогон.

ТУЛАНБАЙ КУРБАНОВ, ИЗИЛДӨӨЧҮ-КОТОРМОЧУ:

- Доорубуздун улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов жазуучу гана эмес, абдан мыкты дипломат болгон. Ал өмүр жолунун 20 жылын ушул багытка арнаган. Дипломатиялык кызматта жүрүп, дүйнөдөгү эң өзөктүү, жалпыга бирдиктүү маселелерди көтөрө билди. Жазуучу ирээтинде ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издеди.

Белгилей кетүүчү жагдайӨзбекстанда «Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу эстеликтер жыйнагы, анын өмүрү менен чыгармачылыгы тууралуу жаңы даректүү фильм менен автордук иштерге  негизделген көркөм фильмдин тартуу иши мерчемделип жатат. Ошону менен катар, Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн бири Чынгыз Айтматовдун ысымын ала турган болду.