Эч ким, эч качан унутулбайт!

Эч ким, эч качан унутулбайт!

Эч ким, эч качан унутулбайт. Жеңиш күнү миңдеген урпактар үчүн бирдиктүү майрам. Эркиндик менен кайрымдуулукту, өлкөнү коргогон жоокердин далилдеген белгиси болуп калды. Майрамдын урматына Оралда V эл аралык «Эстелик вахтасы»  автоэкспедициясы уюштурулду. Ал Советтер Союзунун Баатыры Маншук Маметованын мемориалдык мүзей-үйүндө өттү. Автоэкспедициянын алкагында делегация мүчөлөрү Москва, Ржев, Улуу Луки, Новосокольники, Псков жана Невель шаарларын аралашат. Музей үйүнүн кызматкерлери, студенттер менен окуучулардан куралган казакстандык делегация Орусиялык издөө отрядына кошулушту. Эске сала кетсек, мында казактын кош баатыр кызы, пулеметчу Маншүк Маметова менен Алия Молдагулова жерлеген.

ВЕНИАМИН СКАЛЕНКО, УАС АРДАГЕРИ:

- Бул каза болгондор үчүн, согушту көргөндөргө эмес, жаш муундарга зарыл. Аларды тарбиялоо үчүн керек.  Балдарыбызды Маншүк Маметованын эрдигинин негизинде, жоокерлердин согуштагы баскан  изин көкүрөктөрүндө калып,  мекенге деген сүйүүсүн ойготушубуз керек.

СВЕТЛАНА БЕКТЕНОВА, М.МАМЕТОВА АТЫНДАГЫ МЕМОРИАЛДЫК ҮЙ-МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү экспедиция берекелүү болооруна абдан ишеничим чоң. Себеби, делегаттар кандуу согуш талаасынын, Невель аймагына караштуу Пустошка шаарында жайгашкан лагерьдин казма иштерине катыша алышат. Бүгүнкү, мына 2018-жылы, ал жерде Хабаровск, Смоленск, аны менен катар Калуга шаарларынын «Гвоздика» издештирүү тобу иш аткарууда.

Ал эми Семейде Жеңиш майрамынын алкагында «Бабалардын эрдигине таазим» деген аталыштагы патриоттук иш-чара өттү. Майрамдык концертти уюштурган окуучулар баатыр аталардын эрдигине сыр бере турган өнөрлөрүн сунушуп, жүрөктү элжиреткен көрүнүштөрдү аткарышты. Жеңиш тууралуу ыр ырдашып, эркиндик тууралуу бий бийленди. Иш-чаранын аягында «Эч ким, эч качан унутулбайт» мемориалдык тактага гул-чамбарлары коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

ЛАРИСА РЕВЕНКО, №4 МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН МУГАЛИМИ:

- Акция абдан чоң тарбиялык мааниге ээ. Анткени сахналык көрүнүштөргө катышып, балдар Улуу Ата Мекендик  согуш кезиндеги  жоокерлердин, элдердин азаптуу күнүн, муңун, кайгысын эскерүү менен тереңден түшүнө алышты.

ҒАБДУЛҒАЗИЗ АХМЕРОВ, УЛУУ АТА МЕКЕНДИК  СОГУШТУН АРДАГЕРИ:

- Жеңиш оңой келген жок. Кан майданда элдин тынчтыгы үчүн эрдик менен каза тапкан жоокерлерге кандай урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат.  Ал эми жеңиш күнү жаңы муундун жүрөгүнө терең сакталууга тийиш. Анткени мекен коргоого аттанган ар бир жаран бүгүнкү жаркын келечек менен ачык асман үчүн согушкан.

Баатырларга сый урматты интернет айдыңы аркылуу көрсөтсө да болот.  Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин 250 миңден ашуун сүрөтүн Актау шаардык сайттардын бири чогулткан. Активисттер, каалаган адам согуштун же тылдык жумуштун катышуучуларынын сүрөтүн, сыйлыктарын, ардагерлердин өмүр жолун жана эрдиктерин киргизе ала турган атайын баракча түзүшкөн. Мурдагы жылы түзүлгөн портал азыркы тапта колдоонуучулардын арасында абдан атактуу. Күн сайын аталган интернет баракчага 100дөн ашуун колдонуучу кирет. Идеянын авторлорунун айтымында, адамдар баатырларды эстешет жана сыймыктанышат.

МАРИНА КУЗНЕЦОВА, САЙТТЫН РЕДАКТОРУ:

- Веб-баракчада атайын «Ардагерге алкыш айт» бөлүмү дагы бар. Ошондуктан тууганына тилек гана билдирбестен фото-сүрөттөрдү, ардагерге алкышын  да жазууга болот. Бүгүнкү күндө ар бири бул жерге өз пикирлерин калтырып, мекен үчүн өмүрүн кыйган аталарыбызга ыраазычылыгын айтышууда.