Борбордо Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, жазуучу Касым Кайсеновдун 100 жылдык мааракесин утурлай эскерүү кечеси өттү. Аскерий чалгындоо мектебин ийгиликтүү аяктаган ага лейтенант согуштун алгачкы күндөрүндө кан майданга аттанган. Кан кечкен майданда жүрүп, душмандын тылына түшүп калат. Чапаев атындагы партизан отрядын  башкарып, Украина, Чехословакия, Румыния, Молдавия элдерни боштондукка чыгарууда эрдик көрсөтөт.

СЫРЫМ КАСЕНОВ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН АГА ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Совет өкмөтүнүн чалгындоо майданында чоң мерчемдери болгон экен. Ошону бир күн мүрүн  бул киши биздин чалгынчыларга жеткизет. Эртеси биздин аскерлер душман тылына барып бомбалап,  талкалашат. Анын мындай  тыңчылык  жумуштары өтө көп болгон деп айта алабыз.

Согуштан кийин Касым Кайсенов Казакстан жазуучулар биримдигинде жана басмаканада иштеген. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун оор кырдаалын жана аскерлердин эрдигин  чагылдырган 30дай китептин автору.  Анын өрнөктүү өмүр жолу далай акын-жазуучулук, композитор, сүрөт, театр, кино чыгармачылыгында негиз болуп калды.

КУАНДЫК КЫСТЫКБАЕВ, АКТЕР:

- Казакстандын Эл Баатыры Касым Кайсенов атабыздын ролун ойноо мага буйруду. Бул нерсеге абдан кубанычтамын. Бул тасма анын Улуу Ата Мекендик согушта катышкандыгы тууралуу болот. Мен биздин улуу казакстандык баатырдын эрдигин жана анын казак духун экран аркылуу жеткирүүгө аракет кылдым.

Кайсенов эң кооптуу операцияларда катышкан. Анын эрдиктеринин катарын Букринск плацдармасын басып алуу, концлагерлерден бошотуу жана башкалар толуктайт. Ал жаштар үчүн жигиттиктин, тайманбастыктын жана эрдиктин түбөлүк символу.

БЛИЦ:

– Касым Кайсеновдун бедели өтө жогору. Ал Казакстандын улуу баатыры, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, ал - легендарлуу адам. Мен аскер кызматкери катары анын кылган эрдиктерин кайталап, өз өлкөм үчүн татыктуу кызмат өтөшүм керек. Мен биздин ардагерлерге ыраазычылык айткым келет.

Ардагерлердин катары кемип жатат. Бирок биз алардын эрдигин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сактайбыз. Өсүп келе жаткан муун, согушка катышкандардын аркасы менен тынчтык жашоодо өмүр сүрүп жатканын билишет.  Азыр биздин милдет өлкөбүздү өнүктүрүү. Бул нерсени ишке ашырууда өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо чоң ролду ойнойт. Дал ушундай чыныгы жашоонун мисалдары аркылуу тарбиялоо керек.



Комментарии