Бизди фашизмдин отунан куткаргандарга түбөлүк даңк жана терең таазим. Жеңиш желеги желбиреп, фашисттик баскынчыларынын жеңилгенден 73 жыл өттү. Бул күнү ошол кан майданга катышкандардын өздөрү туруктуулук менен баатырдыктын тирүү үлгүсүнө айланышты. 1418 күнгө созулган тынымсыз салгылашуу, курман болгондор менен орду толгус кайгылар. Алар жөн эле мекен чебинде эле турбастан, жанын беришти. Эми алардын жеңиши - биздин эсибизде.

Ахат Бекмади – Жеңиш күнүн жакындаткандардын бири. Ал майдандын эң манилүү жерлеринде, Москваны коргонуу жолдору менен Курск алдындагы согушта болгон.

АХАТ БЕКМАДИ, УЛУУ АТА-МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ:

- Биздин максатыбыз бир да кадам чегинбөө, Москвага фашисттерди киргизбөө болгон. Бирок, ошол 1942-жылдын жазында Сталинградда кан төгүлгөн согуш болуп жатты. Ошол мезгилде фашисттерде Кавказ аркылуу Волгага өтүү максаты болгон. Андан соң Каспий деңизинин жанында жайгашкан Батыш Казакстанды басып алуу эле. Биздин аймакка Баку менен Маңгыстаудан келе турган күйүүчү майларды киргизбей, учактарыбыз учпай, танкаларыбыз жүрбөй калсын  деген максат коюшкан.

Нонна Двойченко онунчу класстан кийин Сочи шаарына согушка чакырылат. Башында Краснодардагы Туапас шаарында иреттөөчүлөрдүн бөлүмүндө кызмат өтөгөн, ал 1934-жылдын үчтүн айынан баштап Түндүк Кавказ майданында 56-армиясынын көчмө хирургиялык  бөлүмүндө мед айым болуп кызмат көрсөткөн.

НОННА ДВОЙЧЕНКО, УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ:

- Бул 20 метрлик чатыр согуш майданына жакын жайгашкан. Алар дароо жаралангандарды алып келип, аларга тез операция жасоо башталат. Оорулуунун жарааты  оор болсо мага жиберишет. Жеңил жараат болсо дарылап, эвакуацияланат. Бирок, жарадар болгон адам кыйналып, кайтыш болоордо, «карындаш-карындаш» деп кыйкырганда коркоор элем.

Бул согуш 27 миллион адамдын өмүрүн алып кетти, алардын 600 миңи Казакстандан. Жүз миңдеген казакстандыктар согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып, өз эрки менен согуш майданына аттанышкан. Төрт жылдын ичинде республикада 12 аткыч аскери, 4 атчан аскер дивизиясы, 7 бригада жана 50 полк куралган. 528 казакстандыкка Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган, алардын ичинен төртөө 2 жолу бул наамга татыктуу болушкан, 110 миңи  Даңк ордени менен сыйланышкан.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии