Казакстандын улуттук оюндар жарышы

Оралда казак элинин улуттук спорттук оюндарын жайылтууга арналган «Улуттук казына» аттуу жарыш болду.

«Эр эңиш - чыныгы жигиттердин оюну. Мында билектин күчүнө кошо, шамдагайлык да жетиштүү болушу керек. Бул оюнга күч-кубаты мол, бат-бат кыймылдаган, ат жалында ойной билген, ат үстүндөгү алышты жакшы өздөштүргөн жигиттер катышат»

ЖЕКСЕН ЖУМАГАЛИЕВ, МЕЛДЕШТИН КАТЫШУУЧУСУ:

- Эң башкысы жеңиш эмес, артыбызда өсүп келе  жаткан инилерибизге үлгү болуп, алар да ушундай жетишкендиктерге жетсе деймин. «Улуттук казына» сынагындай иш-чаралар көбүрөөк өтсө деймин.

Иш-чаранын алкагында жаштар, казак күрөшү, аркан тартыш, жамбы атуу, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарга катышып, өз күчтөрүн сынашты. Ошону менен катар, камчы өрүү чеберчилиги жана ат минүү боюнча мастер класстар да көрсөтүлдү.

АЯН САКОШЕВ, БКО ЖАШТАР САЯСАТ МАСЕЛЕРИ БАШКАРМАЛЫЛЫГЫН БАШЧЫСЫ:

- Өтүп жаткан мааракенин башкы максаты жөн гана улуттук оюндарды өткөзүп коюу эмес, өсүп келе жаткан муунду кызыктыруу. Алар улуттук кийимдерди кийип келип, казак элинин каада-салттарына күбө болуп кетишине багытталган.

АБАТ КЫДЫРШАЕВ, ПЕДАГОГИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Бул иш-чара «Руханай жаралуунун» иш жүзүндөгү эң сонун мисалы. Менин оюмча бул иш-чара биздин жаштар үчүн, ата-бабаларыбыздын кайталангыс мурастарына күбө болуу мүмкүнчүлүгү.

Уюштуруучулардын айтымында, маараке жогорку деңгээлде өттү.  Эми жаштар, салттык спорттук оюндарды аймакта боло турчу бардык майрамдарга кошушат.