Жаш муунга сапаттуу билим берүүнү билүү өтө маанилүү. Ушу максатта Казакстанда колго алынган «Жаңы гуманитардык окуу»  долбоорунун  алгачкы иши аткарылды. Анын алкагында дүйнөнүн 42 мамлекетинин 34 тилдеги, жалпы нускасы 47 миллиондон ашкан эмгектери казак тилине которулат. Дүйнөдөгү көптөгөн мыкты жогорку окуу жайлардын билим берүү системасында которулчу китептер колдонулуп жүрөт.

АЛИБЕК КИСЫБАЙ, УЛУТТУК КОТОРМО БЮРОСУНУН ДОЛБООР КООРДИНАТОРУ:

 - Которулган 18 китептин ар бирин 10 миң нуска менен басып чыгаруудабыз. Жалпы 180 миң нуска болот. Аларды аймактардагы жана Астана, Алматы шаарларындагы университеттерине жеткиребиз. 2018-2019-окуу жылынан баштап бул китептер боюнча окуу процесси башталат. Китептерге кошумча биздин окуу куралдар «100 китеп» сайтыбызда жеткиликтүү.

Адистердин айтымында, долбоор казакстандык студенттер үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алар дүйнөлүк үлгүдө окуй алышат. Ошондой эле долбоор гуманитардык илимдердин деңгээлин өстүрүп, ата-мекендик ЖОЖдордун билим берүү сапатын жогорулатат. Жана мамлекттик тилдин колдонушун да кеңейтет.  Дагы бир оң жагдай, бул китептердин которулушу казакстандык мектептерде котормочу жана редактордун пайда болушуна алып келет. Жүрүп жаткан иштин алкагында  казак тилине 3 миңден ашуун жаңы термин кошулду.

СЕРИК БЕЙСЕНБАЕВ, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

 - Казакстандын негизги максаты интеллектуалдык деңгээлибизди көтөрүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн биринчи дүйнөлүк деңгээлде гуманитардык  билимдерди өнүктүрүшүбүз шарт. Бул багытта казак тилине  сапаттуу которулган  китептер абдан маанилүү кызматты аткарат. Кийинки которула турган китептерди мамлекет тарабынан болсун же бейөкмөт уюмдар тараптан болсун дал ушул китептердин сапатын эске алуу менен которулат. «100 китеп» долбоору келечектеги жумуштарга мыкты пайдубал болду.

Долбоордун алкагында жылдын аягына чейин казак тилине дагы 30 китеп которуу мерчемделүүдө. Серепчилер китептер ар бир баланын керегине жарай тургандай иргелип, заман талабына ылайык тандалганын жана илимдин өнүгүшүнө карай ташталган мыкты кадам деп айтышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии