Мангистау облусунда кубаттуулугу эки мегаваттык күн электростанциясы ишке берилди

Казакстан келечек энергетиканы өнүктүрүүдө. Жетиштүү ресурстары бар өлкө кайра жанма энергия тармагына инновациялык өзгөртүүлөрдү жигердүү киргизип жатат. Мангистау облусунда кубаттуулугу эки мегаваттык күн электростанциясы ишке берилди. Бул долбоор Казакстанда алгачкылардан. Станция өлкөдө өндүрүлгөн күн батареялары менен иштейт – ал жакынкы Батыр айылын электр энергиясы менен камсыздайт.

КУЛЖАН ЕГИЗКАРАЕВ, БАТЫР АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ:

– Биздин айылга ушундай электростанцияны курганына кубанычтабыз. Эми биз жарыкты өчүрүп салат деп коркпостон, үйлөрүбүзгө желдеткичтерди да орното алабыз. 

Жаңы станцияда 40 катарга тизилген 8 миң панель орнотулган. Курулуштун экинчи этабы аяктаган соң, дагы бир канча калктуу конуш таза энергияны ала башташат.

РИНАТ ГАППАРОВ, ЛИЗИНГ КОМПАНИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул станция өндүргөн электр энергиясы башка энергия булактарынан алынат, ошондуктан анын баасы төмөн.

Жыл аягына чейин Мангистау облусунда күн жана шамал электростанциясын ишке берүү каралууда. Түштүк Казакстанда да жаңыртылган энергия булактарын колдонуу боюнча чоң пландар бар. Жакынкы беш жылда Толебий районун толугу менен альтернативдүү электр энергиясына өткөрүү мерчемделүүдө. Бул жакта дароо жети ири долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Атап айтсак, Сайрамсу менен Каскасу өзөндөрүнүн жээгине алты кичи гидроэлектростанция курулат. Кубаттуулугу 5 мегаватт, наркы жарым миллиард тенгеге бааланган биринчи кичи ГЭСти күзгө чейин бүтүрүү каралган. Мындан сырткары, ушул жылы Ленгер районунун борборунда 10 мегаватт кубаттуулуктагы күн электростанциясынын курулуш иштери башталат.

МУХТАР УСЕРБАЕВ, ТОЛЕБИЙ РАЙОНУНУН ИШКЕРЧИЛИК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

– Акыркы беш жылда райондогу өндүрүш болжолдуу төрт эсе өстү. Ушул жылда эле 30 миллиард тенгелик продукция өндүрүлгөн. Бардык ишканалар энергияны көп керектейт. Биздин тоо өзөндөрүнөн 25 мегаватт энергия алууга мүмкүндүк бар. Бул болсо биздин аймакты электр энергия менен толук камсыздайт.

2030-жылга карата Казакстанда өлкөнүн энергобалансындагы жашыл энергетиканын үлүшүн 10 пайызга жеткирүү көздөлүүдө. Ал эми 2050-жылы өндүрүлгөн бардык энергиянын жарымы кайра жанма болууга тийиш.