Борбор калаада Enactus Kazakhstan-2018 студенттик улуттук чемпионаты өттү

Борбор калаада Enactus Kazakhstan-2018 студенттик улуттук чемпионаты өттү

Борбор калаада Enactus Kazakhstan-2018 студенттик ишкердүүлүк, стартаптар менен инновациялардын улуттук чемпионаты өттү. Салттык кубокко Казакстандын ар кайсы бурчунан келген 60 жогорку окуу жайынан 700дөн ашуун жигердүү жаштар катышты. Алар курчаган айлана чөйрөнү коргоо, ден соолукту сактоо, калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган 100дөн ашуун олуттуу бизнес долбоорлорду сунушташты. Жыйынтыгында мыкты долбоорлор иргелип, АКШнын Сан Хосе шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатта өлкө намысын коргошот. Дүйнөлүк чемпионатта катышуу - студенттердин өздүк лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана дүйнөнү өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

АЛБИНА ЕРЖАНОВА,  ENACTUS KAZAKHSTAN МҮДҮРҮ:

- Бул сынактын алкагында студенттер жыл сайын коомдук долбоорлорду иш жүзүнө ашырышат. Жаштар бизнес тармагына аралашып, калктын ал-акыбалын, бизди курчаган айлана чөйрөнү жакшыртуу аркылуу  өзүнүн лидерлик сапаттарын да өстүрүшөт.