Казакстан-Белоруссия: Билим багыттындагы кызматташтык

Казакстан-Белоруссия: Билим багыттындагы кызматташтык

Казакстан менен Белоруссиянын илимий шериктештиги жакшырат. Эки өлкө ушул багытта өзөктүү тажрыйбалары менен алмашуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул нерсенин жыйынтыгында жогорку окуу жайлардын студенттерине жаңы багыт ачылды. Беларусь республикасы менен Казакстан ортосунда илимий кызматкерлердин  жарандык алуусун жеңилдетүү тартиби тууралуу келишимди Астана сунуштаган. Белоруссия тарап да бул сунушту толук колдоду. Мындай жеңилдик эки өлкөнүн арасындагы инновация менен  алдыңкы педагогикалык тажрыйба алмашууну күчөтөт.

АСЕЛ КАЛАМБАЕВА, КР БЕЛАРУСЬ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН ЭКИНЧИ  КАТЧЫСЫ:

- Башка мамлекетте мугалим болуп иштеген мугалимдер жана илимий кызматкерлерден 24 ай ичинде салык алынбайт.

Казакстан менен Беларусь Республикасынын ЖОЖдорунда билим алып жаткан студенттер үчүн да жеңилдиктер каралган. Кол коюлган келишимдер казак жана беларусь студенттерине бирдей шарт түзөт. Мисалга, Казакстан өз студенттерине грант бөлсө, бул экинчи мамлекеттин жаштарына да тиешелүү болот.

АЛИСА КНЯЗЕВА, СТУДЕНТ:

- Биздин университетте квалификациялуу адис болуп чыгуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эгерде чет өлкөдө окуп өз билимиңди жогорулатууга  мүмкүнчүлүк болсо, бул нерсени колдонуш керек. Студенттерге мыкты жагдайлар түзүлүп жаткандыгы жаштарды абдан кубандырат. Бул келишим Белоруссия менен Казакстан ортосундагы жаштардын карым-катнашын бекемдейт деп ишенем.

Келишимдин башкы максаты - билим багытындагы жаңылыктары менен бөлүшүп, эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуу процессин жакшыртуу.