Казакстанда Өлкө башчысынын 5 социалдык демилгесин ишке ашыруу уланууда. Анын артыкчылыгын өлкө аймактары сезе баштады. Казакстандын батышында көгүлтүр отко өтө башташты. Бул жылы Зайсан районунун 9 айыл аймагы “көгүлтүр отко” кошулат, ал эми  2020-жылга чейин дагы сегиз айыл аймак өтөт. Жыл ичинде көгүлтүр от менен Зайсан районун 95% жашоочусу камсыз болот. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен бир миллиард тенге бөлүнгөн.

ТЕМИРБЕК КАСЫМЖАНОВ, ЗАЙСАН РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Көгүлтүр от катуу отундан 10 эсе арзан. Бул жашоочуларга үнөмдөөгө жол берет.  Экинчи жагынан бул - экологиялык жактан да пайдалуу. Биз качан катуу отунду жакканда андан кандай зыян заттар чыгаары баарыбызга белгилүү, ал эми көгүлтүр отто мындай нерсе жок.

Өлкө башчысынын дагы бир социалдык демилгеси - микрокредит. Өз ишин баштоого быйыл Алматы облусунун ишкерлери да каржы алышат. Бул нерсени ишке ашырууга беш жарым миллиард тенге каралган. Аталган демилгеден кабардар болгон Жети-Суу аймагынын тургундары “Массалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү” программасына кошулуп чечишти.  Адистердин айтымында, иштеп чыгуу жана агро тармагында иштеп келе жаткан ЧОИ өкүлдөрү каржылык көмөк сурашкан.

ЖАНАР МУХАМЕДЖАНОВА, КООМДУК ЖАНА ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ПРОГРАММАСЫНЫН БАШКЫ АДИСИ:

- 2018-жылы 672 адамга микрокредит берүү мерчемделүүдө. Эл башынын 5 демилгесине 4 миллиард 300 миллион тенге бөлүнгөн. Жана да шаарларга 352 миллион 900 миң, айылдарга болсо 1 миллиард кошумча каражат каралган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии