Тарас Шевченконун төрөлгөнүнө 204 жыл

Бул жылы Тарас Шевченконун төрөлгөнүнө 204 жыл болот. Казактарга белгилүү украиналык акын, сүрөтчү  коомдук жана саясий ишмер. Шевченко өз жашоосунун 10 жылын батыш Казакстанда сүргүндө өткөргөн. Бүгүнкү күндө Батыш Казакстан аймагында акындын аты берилген Форт Шевченко шаары бар. Ошондуктан эл аралык Шевченко окууларын бул жерде өткөрүү жөн жерден эмес. Быйылкы иш-чара  Астанада 7-жолу өттү. Шевченко таануу илимине көңүл бурган окумуштуулар көркөм сөз жана акындын өнөрү жөнүндө кеп кылышып, акындын казак-украина ортосундагы ынтымакка салым кошкондугуна  баа беришти.

ЮРИЙ ТИМОЩЕНКО, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

 - Бүгүнкү күндө Астана “Шевченко таануу” сыяктуу илимдин жаңы багыты жана Евразиялык деңгээлдеги борборго айланды. Украина жана Казакстандын окумуштуулары азыркы тапта эки элге тең эмгеги сиңген коомдук ишмердин  өмүрү менен чыгармаларын изилдөөгө терең маани берилип келет.  Жана бул тармакта көптөгөн эмгектер жарык көрдү. Бул Шевченко таануу заманбап ноу-хау деп айтсам жаңылышпайм.

Тарас Шевченконун казак жергесинде өткөргөн жылдары анын чыгармаларына өз таасирин тийгизген. Өз  чыгарма жана сүрөттөрүндө  ал талаа темасына көп кайрылып, көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырган. Ошол эле учурда казак эли да украиналык  акынды өзгөчө кабыл алышкан, казактардын жүрөгүндө ал Тарас акын катары кала берет. Азыркы күнгө чейин анын Форт-Шевченкодогу мемориалдык музейине көптөгөн көрүүчүлөр келет, ал эми  Актаудагы эстелиги шаардын эң кооз жерлеринин бири.

ПЕТР ТОКАРЬ, Л. ГУМИЛЕВ АТЫНДАГЫ  ЕУУ ЧАКЫРТЫЛГАН ОКУТУУЧУСУ:

 - Мен украина улуттунун, өлкөсүнүн өкүлү болгондуктан Казакстанда Тарас Шевченконун өмүрү менен чыгармачылыгын жогору баалап, кызыгуунун ушундай жогорку деңгээлде  экени абдан кубандырат. Бул нерсени өз көзүм менен көрүп, ынанып отурам.

Астанада өткөн Шевченко окуулары - бул ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын үзүрлүү эмгектеринин жыйынтыгы. Белгилей кетсек, өткөн жылдардын жыйынтыгы боюнча Тарас Шевченконун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу изилдөөчүлөр тарабынан 5 илимий жыйнак басылып чыгып, 200дөн ашуун баяндама жазылган.