Белгилүү окумуштуу тарыхчы Ильбер Ортайлы Казакстанга келди

Белгилүү окумуштуу тарыхчы Ильбер Ортайлы Казакстанга келди. Түркология тармагында бул ысымды билбеген адам жок. 1970-жылдан бери илим жаатында эмгектенип келет, бир нече китептердин автору. Европпадагы Иран илимий коомунун, Босния жана Герцеговина, Македония, Черногория илим жана өнөр академиясынын  мүчөсү. Ал түрк ааламына бирдиктүү  тарыхый китептердин жазылгандагы маңызына  көп токтолду. Бул тапта профессор  Казакстандын латын арибине өтүүсүн колдоп жатат. Анын айтымында, ариптин жаңы нускасы казак тилин үйрөнгөнгө абдан ыңгайлуу. Жыйынды Астанадагы Юнус Эмре атындагы түрк маданий борбору менен Назарбаев Университети уюштурган. Мындай жолугушуу Алматада да өтмөкчү.

АЛМАГҮЛ ИСИНА, Ю.ЭМРЕ АТЫНДАГЫ ТҮРК МАДАНИЯТ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫНЫН  МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

 - Бул конференциянын негизги маселеси - азыркы кездеги түрк ааламынын жалпы илимий маселелерине жол ачуу. Ошондой эле, биргеликтеги иш-чараларды жана келечектеги кызматташууну мерчемдеп жатабыз. Конференцияга кызыккандар абдан көп болду.

ЮЛАЙ ШАМИЛОГЛУ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН КАЗАК ТИЛИ ЖАНА ТҮРК ТААНУУ КАФЕДРАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Биз эл аралык бир нече мугалимдерди жумушка алдык. Негизинен түркологияны гана эмес, башка дагы кызыктуу сабактарды өтүүнү максат кылуудабыз. Кийин алдыда магистратура жана докторантура даражалары ачылат.