Бишкекте Казакстандын ЖОЖдорунун билим берүү жарманкеси болуп өттү. Жолугушууда 20дан ашуун окуу жайдын өкүлдөрү бардык баскычтагы сапаттуу билим тууралуу айтып беришти. Абитуриенттер алдыңкы окутуу технологиялары аркылуу заманбап билим алууга жете алышат, ошондой эле континенталдык деңгээлдеги дипломдорду алууга жана Европада андан ары билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

ЖАНСАЯ ЛАХБАЕВА, КАЗАКСТАНДЫН АБАЙ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛҮ:

-  Бакалавриат багытындагы 52, магистратура боюнча 53, докторантура багытындагы 30 адистик бар. Бизде чоң-чоң кампустар бар, тагыраак айтканда бүтүндөй кичинекей шаарча жана ошондой эле жатакана бар.

Казакстандык ЖОЖдордун бай материалдык-техникалык базасы жана эл аралык байланышы студенттерге өз убагында эң сапаттуу, заманбап билим алууга мүмкүндүк берет.

ЗУЛЬФИЯ ТОРЕБЕКОВА,  КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭЛ АРАЛЫК  ПРОГРАММА БОРБОРУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз бул жарманкени өткөрүү жолу аркылуу Казакстандагы чет элдик студенттердин санын көбөйтүүнү каалайбыз. Бүгүнкү күндө бизде 14 миң чет элдик студент бар. Жакынкы убакта биз бул санды 50 миңге жеткирүүнү максат кылып койгонбуз. Бул биздин ЖОЖдор арасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттырат, ЖОЖдор кайсы бөлүктө иштеши керектигин, кайсы программаларды жакшыртуу керектигин түшүнө башташат.

Казакстандык ЖОЖдорго дагы бир пайда – окутуунун жыйынтыгында көптөр жумушка орноштуруу жардамын сунушташууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии