Астана 20 жылдыгын ири жетишкендиктер менен тосуп алууда. Бул жылдары Казакстандын борбору дүйнөлүк деңгээлге чыга алды. Азыркы тапта бул ири каржылык, илимий, маданий борбор.  Мегаполиске тарыхый курулуштардан кем калбаган кайталангыс архитектуралык курулуштар өзгөчө көрк берет.

МАКСАТ ЖУПАРБЕК УУЛУ, «АСТАНА БАШ ПЛАНЫ» ИИДИ БАШКЫ АРХИТЕКТОРУ:

- Уникалдуу «Астана Опера» театрынын имаратынын автору белгилүү архитектор Манфреди Николетти. Хан Шатырга тектеш  бир да курулуш жок. Тынчтык жана ишеним борбору - Астана шаарынын эң башкы визиттик карточкасы.  Бул тууралуу «Дискавери» каналы 20-кылымдын мыкты архитектуралык курулушу деп белгиледи.

Акыркы эки курулуштун автору дүйнөгө белгилүү архитектор Норман Фостер болгон. Ал ошондой эле курулуп жаткан көп функционалдуу «Абу-Даби Плаза» комплексинин долбоорун иштеп чыккан. Келечекте бул курулуш Борбор Азиядагы эң бийик  имараттардын катарын толуктайт. Бул курулуп жаткан жалгыз долбоор эмес.

БЕКЗАТ АДИЛОВ, “АСТАНАБАШКЫПЛАН” ИИДИнын АРХИТЕКТОРУ:

 - Миң жылдык аллеясы пирамиданы жана жаңы темир жол бекетин кошкон сызыктан турат. Анын астында турак үйлөрдү, соода борборлорду жана жаңы  опера театрын куруу мерчемделген. Ошол эле жакта жер алдынан өтө турган LRT метросу салынып жатат.

22 чакырымга созулган жеңил рельстүү транспорт Астана эл аралык аэропортун, ЭКСПО 2017, көп комплекстүү «Абу-Даби Плаза» комплексин жана жаңы темир жол бекетин бириктирет. Башкы планга ылайык борбордо дагы 13 көпүрө курулат.

ЕРНАР САДЫКОВ, «АСТАНА БАШ ПЛАНЫ» ИИДИ АРХИТЕКТОРУ:

- Келечекте Казак драма театры, Чыгыш шаары, уникалдуу мектептерди жана чет өлкөлүк борборлор сыяктуу объекттерди куруу пландалууда. Бул курулуштарды 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Аталган мезгилге чейин Астана шаарын курчаган «жашыл кур» аянты 34 миң гектарга чейин кеңейээри айтылууда.  Бул Бурабайдын токою менен кошулат.  Борбор которулгандан кийин 54 миң гектарга чейин кеңейди.

МАКСАТ ЖУПАРБЕК УУЛУ, «АСТАНА БАШ ПЛАНЫ» ИИДИ БАШКЫ АРХИТЕКТОРУ

– Жакынкы арада Астанада уникалдуу объект - Ботоникалык сейил багы бүткөрүлөт. Мындай бакча  америкалык Манхэттендо гана бар. Ошондой эле Астанада Триатлон сейил багы курулат.

Казакстандын көз карандысыздыгынын символу катары Астана азыркы жетишкендиктеринде туруп калбайт. Бүгүнкү мегополисттин жетишкендиги – бүткүл Казакстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнөн кабар берет. Ааламдашуу жана санариптешүү доорунда борбор жаңыланган ишенимдүү программасы менен чыгып жатат. Негизги шаарда смарт-технологиялар иштелип жатат. Бул нерсе тургундардын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии