Кытайдын борборунда казак бала бакчасы ачылды

Кытайдын борборунда казак бала бакчасы ачылды. Эми Бээжинде жашап жаткан казакстандыктар балдарын «Балдырган» бала бакчасына алып барышат. Чет мамлекетте ачылган тунгуч казакстандык мекемени Бээжинге расмий иш сапары менен барган Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов ачты.

Казак жана англис тилинде тарбия берген бала бакчага казакстандык эле эмес башка өлкөнүн жарандары да балдарын бере баштады.

НАЗГҮЛ НАЗАРБЕКОВА, БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Азыркы тапта Кыргызстан жарандарынын балдары келип жатат. Башка да элдердин жарандары кызыгуусун жаратып, балдарыбызды сиздердин борборго берсек деп жатышат. Анткени аларга ынгайлуу да. Биз эрте мененки 8ден кечки 5ке чейин иштейбиз.

Садык жана Айгерим Акежановдор  бир канча жылдан бери Бейжинде иштеп, жашап келишет. Эки баласы ушул жерде төрөлдү.  Ал тунгуч баласын өнүктүрүү борборуна же бала бакчага берүү бир топ  кыйынчылык жаратты дейт.

АЙГЕРИМ АКЕЖАНОВА:

 - Ушул убакка чейин Орусия элчилигине арыз жазаар элек. Эгер ал жака кабыл алышпаса, кытайлык же башка элдердин борборлоруна барчубуз. Ошондуктан ушундай өзүбүздүн «Балдырган» борбору ачылгандыгы абдан сонун болду. Анткени жылдан-жылга казак балдар көбөйүп жатат.

Казакстандын Кытайдагы Элчилиги дипломаттардын саны боюнча Орусиядан кийинки 2-орунда. Кытайда баш аягы 90 бала бар. Жыл сайын Бээжинде дүйнөгө келген балдардын саны көбөйүүдө. Эми алар казакстандык «Балдырганга» барышат.