«Kazakh TV» улуттук спутник телеканалы кыргыз тилиндеги уктурууларды бере баштады

Бүгүнкү күндөн тартып «Kazakh TV» улуттук спутник телеканалы кыргыз тилиндеги уктурууларды бере баштады. Эми каналдын көрсөтүүлөрү күнү-түнү төрт тилде жеткиликтүү – алар казак, орус, англис жана кыргыз тилдери. Коңшу өлкөнүн көрүүчүлөрүнө сапаттуу жана кызыктуу контент тартуулоо үчүн жарым жылдан ашуун даярдык иштери жүрдү. Бул убакыт аралыгында каналдын командасы 450дөн ашуун теледолбоорлорду которуп, үн коштоого жетишти.

САНДУГАШ РАХИМЖАНОВА – «KAZAKH TV» КАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ

 - «Kazakh TV» телеканалы – бул эл аралык спутникалык канал жана биз жыл сайын чек арабызды, чагылдыруу аймагыбызды кеңейтүүдөбүз азыр бизде эфирде бир гана Казакстан эле тууралуу көрсөтүүлөр эмес, айтсак, Борбор Азия аймагы жөнүндөгү көрсөтүүлөр, биз жалпысынан алганда, маданият, искусство, көчмөн цивилизациясы жөнүндөгү көрсөтүүлөрдү тартуу кылабыз. Бул казак элине эле байланыштуу эмес, түрк элине да тиешелүү. Ошондуктан кыргыз тилдүү жүгүртмөлөрдү коё берүү терең ойлонулган чечим.

ДИНАЛИАНА ДЖУНУШЕВА, РЕДАКТОР-ДИКТОР:

 - Азыр биз аркылуу жасалып жаткан жумуштардын бардыгы чындыгында эки элди – казак элин жана кыргыз элин бириктирет, ынтымакташтырат деп ойлойбуз. Албетте биздин тарыхыбыз бир, эки эл дос элдерден. Биз азыр программаларды которуп, даярдап жаткан мезгилде биз ойлогондон да тыгыз байланышта экенибизди сезип турабыз.

Борбордук Азиянын көрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн канал тил жүгүрмөлөрүнүн санын көбөйтүүнү уланта берүүнү көздөйт. Күзүндө өзбек тилиндеги берүүлөрдү ачуу пландалууда. Өзбек жана кыргыз кесиптештер биргеликте – Борбордук Азиядагы республикалардын туристикалык жана инвестициялык дарамети жөнүндөгү жаңы биргелешкен долбоорлорду чыгарууга камынышууда. Белгилей кетсек, биздин канал Түндүк жана Борбордук Америка, Батыш жана Чыгыш Европа, Австралия жана Океания, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Түштүк Кавказ  сыяктуу дүйнөнүн 118 мамлекетинде көрсөтүлөт. «Kazakh TV»нын потенциалдуу көрүүлөрү 5 миллиард адамдан ашат.