Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VI съезди өтөт

Биримдиги жарашып, ынтымагы келишкен Улуу талаа өлкөсүндө ааламдык руханияты менен цивилизациясы дагы бир жолу кошулат. Достуктун жаркын үлгүсүнө айланган Астанада кезектеги дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VI Съезди өтөт. «Дин лидерлери коопсуз дүйнө үчүн» аталышында өтө турган отурум тогуздун айынын 10-11не мерчемделген. Бул жолу отурумдун катышуучуларынын чек арасы кеңейет. Анын жумушуна жалпы 80ден ашуун делегат, 42 өлкөнүн дин лидерлери, мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын башчылары, белгилүү саясий, илимий жана коомдук ишмерлер катышат деп күтүлүүдө.

ЕРЖАН АШЫКБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Сербия президенти, Ислам кызматташтык уюму, Европанын кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюму сыяктуу эл аралык, аймактык, дүйнөнүн ири уюмдарынын башчылары Съездге катышарын тастыкташты. Жолугушууга биринчи жолу Өзбекстан, Сингапур жана Вьетнам өлкөлөрүнүн делегациялары катышат. Жыйынга катыша турган диний коомдун катары да жаңырып, толукталды. Христиан дүйнөсүнүн эң байыркы Коптск чиркөөсүнүн өкүлдөрү Съездге катышууга кызыгуусун билдирип жатышат.

 

Эл аралык жыйында ааламдык чакырыктарга арналган секциялык отурумдар өтөт. Алар «Манифест «Дүйнө. ХХІ кылым» ааламдык коопсуздук концепциясы катары»,  «Туруксуз геосаясаттагы дин: адамдардын чогулуусуна арналган жаңы мүмкүнчүлүктөр», «Дин жана ааламдашуу», «Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдөгү дин лидерлери менен саясий кызматкерлер» аттуу төрт негизги багыт боюнча өтөт.

БЕРИК АРЫН, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Дин атын жамынып, өздөрүнүн экстремисттик, террористтик максаттарда динди пайдалангысы келген уюмдар, кыймылдар бар. Катышуучулар менен дин башчылары бул жерде диндердин тынчтыкты сүйүү касиетин, маанисин түшүндүрө жана мамлекеттер менен бирге ушул терроризм менен экстремизм маселелерин алдын алуу, аларга каршы кандай күрөшүү, ошол жолдо кандай күчтөрдү бириктирүү керек деген сыяктуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышат.

Форумдун алкагында Тынчтык жана келишим музейин ачуу көздөлгөн. Ошондой эле, жыйындын алкагында Дин аралык өз ара байланышка кошкон салымы үчүн Астана эл аралык сыйлыгы, көрүнүктүү дин, коом жана саясий ишкерлерге Съезддин Ардак медалын тапшыруу көздөлүп жатат. Форумдун аягында дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VI Съездинин катышуучуларынын Декларациясын кабыл алуу пландалууда.