Казакстан дүйнөлүк аренада

Казакстан дүйнөлүк аренада

Казакстан эл аралык маселелердин түйүнүн чечкен жигердүү өлкө катары кала берет. Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында Казакстандын эл аралык маселелерге тиешелүү позициясын жогорку трибунадан билдирди. Казакстан БУУнун пикир алмашуу аянтында көп жактуулуук багытында жаңы дүйнөлүк тартиптин жалпы көрүнүштөрүн талкуулоо керек деген тарапты карманды. Уюмдун уставында көрсөтүлгөн баалуулуктарга тиешелүү жалпыга бирдей милдеттемелерди кабыл алуу маанилүү. Аны менен бирге Кайрат Абдрахманов, Эл башы Нурсултан Назарбаевдин «Дүйнө. XXI кылым»  манифестинде жазылгандай, Казакстандын  тынчтык эрежелерин карманаарын жарыялады. Казакстандык форин кеңсе башчысы Президенттин ядролук куралга каршы демилгелеринин маанилүүлүгүн даңазалап, эркин аймак түзүү жана кызматташтыкты бекемдөө басымдуулуктарына да токтолду.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- 2050-жылы Казакстан экономикалык көрсөткүчтөрү ачык башкаруу жагынан жогорку дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган, өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатат. Президент Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусунда төртүнчү өнөр жайлык төңкөрүш шартында экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделин сунуштады. Бул демилге индустриялаштыруу, агро өнөр жай комплексиндеги эффективдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияны колдонуу, унаа жана логистикалык инфраструктуранын эффективдүүлүгүн арттыруу жана каржы секторун, ошондой эле, жаңычылык менен адам капиталынын негизин жаңыртууга багытталган. Эл башы айткандай, ишке өтүү керек. Оюбуз менен өмүрүбүздү өзгөртө турган мезгил келди.

БУУнун Венадагы штаб-квартирасында казакстандык жемкордукка каршы күрөшүү үлгүсү тааныштырылды. Казакстандан барган өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ушул тармактагы стратегия тууралуу баяндашты. Ошондой эле, бизнес менен инвесторлорду коргоо долбоору тааныштырылды.

КАЙРАТ САРЫБАЙ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВСТРИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Туруктуу өнүгүү жакшы башкаруу менен мыйзам үстөмдүгү аткарылган кезде мүмкүн болот. Ал өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат. Мунун бардыгы жемкорлуктан эркин дүйнөнү калыптандырууну көздөйт, ошондуктан анын маанилүүлүгүнө көңүл бурган өлкөлөр ушул жерде чогулуп, бири-бири менен пикир алмашат. Казакстандын ар түрдүү эл аралык уюмдар жана форумдарга катышуусу, эл аралык тажрыйба алуусу, өз жемишин берет.

Эл аралык жемкорлукка каршы академия негизги жолугушууну кийинки жылы Астанада өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул дүйнөлүк ассоциациянын Казакстанда жемкорлукка каршы аткарылып жаткан иш-чараларга жогору баа берип жатканынан кабар берет.

АНДРЕЙ МУНТЯН, ЕККУ БЮРОСУНУН ЭКОНОМИКА БОЮНЧА АГА КЕҢЕШЧИСИ:

- Казакстанда жасалып жаткан иш-чаралар бизди чындыгында таң калтырды. Бул жолугушуу Казакстандын жемкорлукка каршы күрөшүү жана саясаттагы күчтүү жумуштун алдыңкы ыкмаларын колдонуунун натыйжалуулугунун дагы бир далили. Менин оюмча, эми ушул иш жүзүндө колдонулган тажрыйбаны башка өлкөлөрдө да колдонуу керек. Албетте, бул оңой жумуш эмес. Бирок, туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн бул кадам өтө маанилүү.

Брюсселде ата мекендик депутаттар адамзаттын дүйнөлүк чакырыктарын талкуулашты. «Азия – Европа» мамлекет аралык форумунда парламентарийлер аба-ырайынын өзгөрүүсү жана экологиялык маселелерди да көңүлдөн тыш калтырышкан жок. Сырдарыя дарыясынын каналын жол-жоболоштуруу жана Арал деңизинин түндүк бөлүгүн сактоодогу Казакстандын тажрыйбасы да – көпкө үлгү болгон аракет. Казакстан ушул маселелерди биргелишип чечүүгө Дүйнөлүк банк менен Европанын кайра түзүү жана өнүктүрү банкынын көңүлүн бурду.

ИВЕТА ГРИГУЛЕ,  БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТУУРАЛУУ ЕП ДЕЛЕГАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Казакстан экологиялык маселелерди чечүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Ушунун бир мисалы – Арал деңизи. Анын түндүк бөлүгүн аман сактап кала алдыңыздар – балык кайра толуп, адамдар да кайта баштады.

Казакстан дүйнө алдындагы атак-беделин дүйнөлүк ядролук куралсыздандыруу маселесине тиешелүү демилгенин аркасында алды. Серепчилердин пикиринде, бүгүнкү күндө Казакстан – эл аралык тынчтык куруунун элчиси сыяктуу. Азыркы тапта Казакстан акырындык менен башка тармактарда лидер катары калыптанып келе жатат.