Казакстан терроризмге каршы өлкөлөр коалициясын түздү

Нью-Йоркто Казакстандын демилгеси менен тарыхый окуя орун алды. Эл аралык кызматташтыктын тарыхында алгачкы жолу 70 өлкөдөн турган терроризм менен күрөшүү боюнча коалиция түзүлүп, тынчтыкты жана терроризмден эркин дүйнөнү куруу Кодексине кол коюлду. Эскерте кетсек, коалицияны түзүү демилгеси 2015-жылы БУУнун трибунасынан Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан көтөрүлгөн. Республиканын терроризмди алдын алуу, ага каршы туруу стратегиясын Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов тааныштырды. Кодекс терроризмге каршы эл аралык милдеттемелер чагылдырылган бирдиктүү документ болду. Делегация башчыларынын айтымында, аталган документтин кабыл алынуусу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө жана БУУнун контртеррористтик аракеттериндеги маанилүү кадам болду.