Дүйшөмбүдөгү саммитте 20дан ашуун документке кол коюлду

Дүйшөмбүдөгү саммитте 20дан ашуун документке кол коюлду

Дүйшөмбүдө КМШ мамлекет башчылары кеңешинин 46-отуруму актады. Алгач президенттер тар чөйрөдө жолугушуп, кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү жолдорун талкуулашты. Кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө лидерлер эки маселени карашты. Биринчиси, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75-жылдыгына даярдык болсо, экинчиси, космосту тынчтык максатында колдонуу жана изилдөө тууралуу конвенциясын кабыл алуу болду. Тараптар эки келишимди тең колдошту. Жалпысынан жолугушуу жыйынтыгында 20дан ашуун документке кол коюлду. Айтмакчы, КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити тогуздун айында Ашхабадда өтөт.