Казакстан-Сингапур: Кызматташтыктын жаңы кырлары

Казакстан менен Сингапурдун кызматташуу мейкиндиги чоң. Өлкөлөр «жашыл» экономика, бизнес жана логистика тармактарында соода жана инвестициялык байланышты мындан ары жогорулатууга кызыктар. Белгилей кетсек, чейрек кылымдын ичинде Казакстан менен Сингапур ортосунда билим, маданият жана башка да тармактарда үзүрлүү саясий диалог орногон.

БУРХАН ГАФУР, БУУнун АЛДЫНДАГЫ СИНГАПУРДУН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан менен Сингапур ортосундагы өзгөчө достукту белгилеп өткүм келет. Эки жактуу карым-катнашыбыз бекем. Биздин тунгуч премьер-министрибиз Ли Куан Ю Казакстанга көп жолу барып, сиздердин президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Биздин мамилебиз жакшы, экономикалык кызматташтык жана элдерибиздин достугу да мыкты. Келечекте дагы көп иштер аткарылып, эл аралык коомчулуктун өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошобуз деп ишенем.

БУУнун алдындагы Сингапурдун туруктуу өкүлү Бурхан Гафур эки өлкөнүн достугу бекемделе беришине ишенет. Ошондой эле, ал Казакстандын эл аралык сахнадагы аброю жана дүйнөдөгү оор кырдаалдарды чечүүдөгү Казакстандын эмгегин белгилейт.

БУРХАН ГАФУР, БУУНУН АЛДЫНДАГЫ СИНГАПУРДУН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан Борбор Азия аймагында маанилүү роль аткарып келет. Ошол эле учурда сиздердин өлкө Жакынкы Чыгыш, мисалы, Сириядагы кырдаалдан четте калган жок. Бул – болгону өз аймагына эле эмес, БУУнун жумушуна жана бүт дүйнөнүн коопсуздугуна кошуп жаткан маанилүү салым. Ал эми казакстандык дипломаттардын иши көп өлкөлөр үчүн үлгү.

Серепчилердин айтымында, акыркы жылдары Сингапурга казакстандык экспорттун көлөмү өскөн. Сингапур ата мекендик товарлар үчүн жаңы базар болууда. Жеткирүүлөрдүн негизин мунай жана мунай өндүрүштөрү түзөт. Өз кезегинде, Казакстанга азык-түлүк, химия өнөр жай товарлары жөнөтүлөт. Адистер белгилегендей, Казакстан менен Сингапурдун жалпы максаты – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылып, адам капиталын өнүктүрүү.