Нью-Йоркто «Терроризмден эркин дүйнөгө жетүү» Кодекси тааныштырылды

Казакстан тынчтык менен келишим, туруктуулук менен коопсуздук идеяларды карманган мамлекет катары дүйнөгө таанылды. Бул өлкө эл аралык аренада Жалпыга бирдей дүйнөнү куруу декларациясынын биргелешкен автору жана демилгечиси, аны менен катар ядролук куралдан өз эрки менен баш тарткан республика катары белгилүү. Ошондой эле, Казакстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы бир ооздон чечим кабыл алып, баш оона айынын жыйырма тогузун  Эл аралык ядролук сыноолорго каршы күрөш күнү деп жарыялады. Бул – көз карандысыздык алган убакыттан бери уланып жаткан ийгиликтүү иштердин бир бөлүгү. Бүгүнкү күндө Казакстан менен тыгыз кызматташтык орнотууга көптөгөн мамлекеттер кызыктар. Алардын катарында Андорра княздыгы бар.

ВИВЕС ЭЛИСЕНДА, АНДОРРАНЫН БУУдагы ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан менен Андорра ортосунда достук карым-катнаш орногон. Нью-Йорктогу биздин өкүлчүлүктөрүбүздүн кызматташтыгы тыгыз. Бирок, биз ар түрдүү тармактагы байланышыбызды кеңейтүүнү каалайбыз. Казакстандын ядролук куралга каршы демилгеси бизге абдан таасир калтырды.

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында «Терроризмден эркин дүйнөгө жетүү тууралуу» Кодекс долбоору тааныштырылды. Бул документ Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган. Кодексти  тааныштыруу Казакстан үчүн өтө маанилүү окуялардын бири болду.

КАЙРАТ ОМАРОВ, БУУнун АЛДЫНДАГЫ КАЗАКСТАНДЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан делегациясынын ишинин башкы темасы тынчтык куруу, куралсыздандыруу жана ядролук куралды таратпоо, Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо, терроризм менен баңгизаттарга каршы күрөш болот. Эл башынын тапшырмасы боюнча, Казакстан делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын күн тартибиндеги негизги суроолорун талкуулоого жигердүү катышып жатат.