Казакстан – ядросуз дүйнө кыймылынын лидери

Казастандын антиядролук демилгелери бүткүл дүйнөгө белгилүү. Өлкө дүйнөдө ядролук куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо тармагындагы ишмердүүлүктө сап башында турат. Эл аралык серепчилердин айтымында, бул багыттагы кыймылда республиканын ролу чоң. Белгилей кетсек, бул маселени Казакстан БУУнун жана Коопсуздук кеңешинин аянттарында да жигердүү көтөрүп келет.

ЕРЖАН АШИКБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Чындыгында, ярдролук курал дүйнөдөгү бардык куралдардын ичинде жапырт жок кылуучу жана коркунучтуу курал. Бул көйгөй көпчүлүк өлкөлөрдү чочутпай койбойт. Ошондуктан өлкө башчыбыз биринчилерден болуп ааламдык көйгөйдү эл аралык деңгээлде көтөрдү. Ал ар бир сөзүндө жана өзүнүн “Тынчтык манифести. 21-кылым” программалык документинде адамзаттын башкы милдети дүйнөнү өзүн-өзү жок кылуучу курал-жарактан бошотуу керектигине басым жасап келген. Бул биринчи кезекте ядролук куралдан арылтуу.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тарта ядролук куралсыздандыруу жана эл аралык атом укугун өнүктүрүүгө терең маани берип келет. 1991-жылдан тарта республика маанилүү жана алгылыктуу кадамдарды жасады. Буга өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин дүйнөдөгү эң ири ядролук полигондордун бирин жабуу жана Кансыз согуштун ядролук мурасынан баш тартуу кадамдары далил. Ядросуз мамлекет макамына ээ болуу жөн жерден эмес. Бул ойлонулган жана терең талданган мамлекеттин жоопкерчиликтүү кадамы.

ОЛЖАС СУЛЕЙМЕНОВ, «НЕВАДА-СЕМЕЙ» ЭЛ АРАЛЫК КЫЙМЫЛДЫН ЛИДЕРИ:

- Биз “Коомдук кыймылдар жана коомдук уюмдар ядролук куралдын тагдырына кантип таасир бере алат?”, - деген суроолорду талкуулашыбыз керек. Бир нече айлардан кийин Алматыда «Невада-Семипалатинск» кыймылынын 30 жылдыгына арналган конференция өтөт. Ага Америка, Жапония жана башка өлкөлөрдөн кесиптештерибиз келет.

Жапония – Казакстандын ядросуз кыймылынын башкы өнөктөшү. Эки өлкө тең ярдролук куралдын айынан жан кейиткен кырдаалдарга туш болгон. Бүгүнкү күндө эки өлкө бул куралды жайылтпоо үчүн аракет кылып жатат.

ХИРОО САЙОНДЖИ, “ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН СЫЙЫНУУ” КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Дүйнөлүк ассоциация Казакстандын жер бетиндеги тынчтыкты орнотуу максатында ядролук куралсыздандыруу жана ал куралды таратпоо боюнча жигердүү түрдө ишке ашырып жаткан ааламдык демилгелери үчүн ыраазычылык билдириши керек деп эсептейм. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Семей ядролук сыноолорду жүргүзө турган полигонун жабуу чечими менен андан кийинки да ушул багытта колго алынган ири эл аралык долбоорлорун дүйнө эли колдоп келе жатат. Жапония да ядролук куралдын жок кылуучу күчүнөн азап чеккен өлкө. Эми дүйнөнү ядролук куралдан бошотуу үчүн бардык демилгелерди биргеликте ишке ашырышыбыз керек.

Ядролук куралсыздандыруу Казакстандын тыкыр көзөмөлүндө турган маселелердин бири. Казакстан эл аралык тынчтык жараяндарынын жигердүү катышуучусу. Серепчилердин божомолу боюнча, мамлекеттин ушул багыттагы аброю жана тажрыйбасы дүйнө коомчулугу үчүн баа жеткис.