Казакстан өнүгүү деңгээли жогорку өлкөлөрдүн катарына кирди

БУУ Казакстанды өнүгүү деңгээли эң жогорку өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Форбс KZтин маалыматы боюнча, алдыңкы бештикте - Норвегия, Швейцария, Австралия, Ирландия жана Германия турат. Баш-аягы 189 мамлекет кирген рейтингде АКШ он үчүнчү, Орусия 49-тепкичте, Казакстан болсо 58-орунга илинген. Мамлекеттердин рейтингдеги ордуна жарандардын өмүр сүрүү  узактыгы, билим берүү мөөнөтү, элдин ар бирине бөлгөндөгү жалпы улуттук дүң киреше көрсөткүчтөрү таасир берген. Ошондой эле, элдин коомдук коргоо деңгээли тууралуу маалыматтар, саламаттыкты сактоо жана маданий өнүгүү көрсөткүчтөрү эсепке алынган.