Казакстан-Индонезия: Дипломатиялык карым-катнаштын орногунуна 25 жыл болду

Казакстан-Индонезия: Дипломатиялык карым-катнаштын орногунуна 25 жыл болду

Казакстан менен Индонезия ортосунда дипломатиялык карым-катнаштын орногунуна 25 жыл болду. Чейрек кылымда тарапташтар эконмиканын кайсы тармагында болбосун, натыйжалуу өнөктөштүктө кызматташып келе жатышат. Жылдан-жылга эки өлкөнүн ич ара саясий, экономикалык жана маданий байланышы бекемделүүдө. Индонезиянын Казакстандагы элчиси Рахмат Прамононун айтымында, эки жактуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр мол. Өткөн жылы өлкөлөрдүн арасындагы соода-сатык көрсөткүчү бир нече эсеге өскөн. Ошондой эле азыркы тапта туризм тармагында шериктештикти өнүктүрүүнүн  жаңы мүмкүнчүлүктөрү караштырылууда. Мисалы, былтыр беш миңден ашуун казакстандык Индонезияга саякат жасаган. Бул көрсөткүч 2016-жыл менен салыштырганда, Индонезияны таанып-билүүгө кызыккандардын көбөйгөндүгү байкалат. Эскертке кетсек, казакстандыктар үчүн Индонезияга 30 күнгө чейин визасыз режим киргизилген. Бул туристтик агымды өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, дейт дипломат.

РАХМАТ ПРАМОНО, КАЗАКСТАНДАГЫ ИНДОНЕЗИЯ ЭЛЧИСИ:

- Өлкөлөрүбүз бири-биринен өтө алыс жайгашканы менен, байланышыбыз үзгүлтүксүз өнүгүп келе жатат. Мисалы, 2017-жылы Казакстан менен Индонезия ортосундагы товар жүгүртүү 136 пайызга өстү.  Өз ара соода-сатык 53 миллион долларды түзөт. Тарапташтар арасында алыш-бериш менен катар инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын деп ойлойм.