Казакстан тынчтык орнотуучулардын миссияларынын географиясын кеңейтет

Казакстан тынчтык орнотуучулардын миссияларынын географиясын кеңейтет

Казакстан тынчтык орнотуучулардын миссияларынын аймагын кеңейтет. Казакстандык 120 жоокер Ливанга барып, Индия куралдуу күчтөрү менен биригип, кагылыштарды болтурбоо иш-чараларына катышат. Ошондой эле, гуманитардык жардам көрсөтүшөт. БУУ миссияларга катышуучу тынчтык куруучулардын санынын көбөйүшү кубандыруучу жагдай деп баалады. Белгилей кетсек, Казакстан ааламдык жана аймактык  коркунучтарды чечүү тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдирген. Казакстан Президентинин  саясий чакыруусунда БУУнун миссияларына казакстандык аскер көзөмөлдөөчүлөр жана тынчтык куруучулардын санынын көбөйүшү тууралуу айтылган. Ошондон баштап Казакстан бул багытта системалык түрдө иштеп келе жатат. Ошондой эле, ушул убакытка чейин  Казакстан койгон максаттарына акырындык менен жетүүдө.

КАЙРАТ УМАРОВ, БУУнун АЛДЫНДАГЫ  КАЗАКСТАНДЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан БУУнун Коопсузудк Кеңешиндеги жумушунун алкагында алгачкы ирет тынчтык орнотуучу миссиясын Ливанга аттандырабыз. Жоокерлерибиз Ливандагы Индия контингенти курамында болушат. Бул тарыхый окуя. Казакстан башка өлкөдөгү тынчтык орнотуу операцияларына жигердүү түрдө катышууга мүмкүнчүлүк алып жатат.

Белгилей кетсек, аскерий контингенттин географиясын кеңейтүү максатында Парламент БУУнун 5 миссиясына катышууну чечкен. Бул Ливан, Кипр, Индия, Пакистан жана Батыш Сахарадагы тынчтык куруу операциялары. Өз учурунда БУУ Казакстандын тынчтык орнотуу аракетин кеңейтүү максатындагы системалуу ишин кубаттап жатат. Уюмдун башчылыгы да Коопсуздук Кеңешинин отурумдарынын биринде Борбор Азиядагы тынчтык куруу хабына айлануу жолундагы өлкөнүн жөндүү саясатын өзгөчө белгилеп өттү.

КАЙРАТ УМАРОВ, БУУнун АЛДЫНДАГЫ КАЗАКСТАНДЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Азыркы тапта даярдык, чет тилдерди билүү, эң негизгиси кыйын шарттарда кызмат кылууга жөндөмдүүлүгү жана адам укуктарын сактоо боюнча  контингенттерге коюла турган талаптар күчөп жатат. Казакстандык тынчтык куруучулар миссиясы алгачкы жолу тили, дили башка, бөтөн өлкө менен кызматташтыкка катышып жатат. Бул жаңылык, инновация. Аны менен катар, ушул тармакта болуп жаткан жаңычылыктарды БУУ да колдоду.

Ливандагы миссия Казакстандын куралдуу күчтөрүнө, гуманитардык операциялардагы кызмат ыкмаларын үйрөнүүгө жана согушка жөндөмдүүлүктөрүн сыноого мүмкүнчүлүк берет.